Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

ОСМОН АРТЫКБАЕВ: «АК ШУМКАРДАН» ЧЫГЫШЫБЫЗГА КӨЗ КАРАШЫБЫЗДЫН КАЙЧЫЛАШТЫГЫ СЕБЕП БОЛДУ


«Ак шумкар» партиясынын катарынан кечээ беш саяcатчы, парламенттин мурдагы депутаттары Кабай Карабеков, Султан Урманаев, Каныбек Иманалиев, Осмон Артыкбаев жана Замирбек Эсенаманов чыгып кеткени белгилүү болду. “Ак шумкар” партиясы болсо алар мындай кадамга бийликтин кысымына кабылгандыктан барышканын, бул партия үчүн чоң жоготуу эместигин, тескерисинче партиянын катары саясий абройлуу инсандар менен толукталып жатканын билдирди. Катардан чыккан партия мүчөлөрүнүн бири Осмон Артыкбаев «Азаттыктын» түз ободогу таңкы маектеринин биринде мындай кадамга баруу себептерин айтып берди.

- Осмон мырза, алгач сиздердин «Ак шумкар» партиясынан чыгууңуздарга эмне түрткү болгонун айтсаңыз.

- Ага ич ара көз карашыбыздын кайчылаштыгы себеп болду.

- Кечээ аталган партия сиздердин партиядан чыгышыңыздарды бийликтин кысымы менен байланыштырды эле. Чын эле кысым болдубу бийлик тараптан?

Жок, бийликтен эч кандай кысым болгон жок. Биз өз эркибиз менен, беш киши өз позициябыз, өз карашыбыз менен кетели деп чечтик.

- Демек, бешөөңөр алдыдагы шайлоого башка бир партия менен барууну чечтиңиздерби?

- Ооба, өзүнчө жаңы күч, жаңы партияга биригип, өз багытыбыз менен барабыз.

- Ал кайсы партия экенин билсек болобу?

- Азырынча бул партиянын аты белгисиз. Бул жаңы партия, жакын арада, балким бүгүн-эртең жарыялайбыз.

-Эми сөздү өлкөдөгү соңку саясий абалга байланыштуу улантсак. Кезексиз парламенттик шайлоонун 16-декабрга дайындалышы боюнча да азыр аркы сөздөр айтылууда. Бул убакыт өтө эле чукул эмеспи?

- Акыркы окуяларга баам салсак, шайлоонун 16-декабрга дайындалышы мыйзамга туура келет. Негизинен эми референдум өттү, жаңы конституция кабыл алынды, анан парламент таратылды. Эми жаңы парламент келиши керек.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG