Парламенттен тийиштүү уруксат алынганына жараша, оппозициянын дароо Түндүк Ирактагы күрддөрдүн аскердик күчтөрүнө чабуул коюууну талап этип жатканына жана жикчил уюмдун кийинки аралыкта жасаган атакаларынын натыйжасында ондогон аскерлердин жана карапайым адамдардын өмүрүнүн кыйылышына нааразылык коомчулукта күн сайын өсүп баратканына карабастан, башкаруудагы өкүмөт аралык колдоо табуу максатында дипломатиялык өнөктөштүктүн чеги ичинде тышкы иштер министри Али Бабажанды кечөө Ирактын борбору Багдатка жиберди. Өкмөт башчысы Режеп Т. Эрдогандын өзү болсо Лондонго барып кесиптеши Гордон Браун менен кийинки окуяларды талкууга алды. Президент Абдуллах Гүл болсо күрд жикчилдеринин террактыларынын натыйжасында өлгөн аскерлердин саны өсүп баратканына нааразы элди тынчытуу максатында кечөө атайын бир билдирүү жарыялады.
Тышкы иштер министри Али Бабажан Багдатта адегенде Ирактын теги курду болгон тышкы иштер министри Хошяр Зебари менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки министр басма сөз жыйыны уюштуруп, анда Ирактык министир Зебари мындай деп билдирди:
“Биз ПККни дагы кошуп алганда эч бир уюм же топтун, биздин мамилелерибизди бузушун каалабайбыз. Мен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө (конок министирди) бул балээни жоюуда Ирак өкмөтү Түркияга иштиктүү жардамын көрсөтөөрүнө ишендирдим”.
Басма сөз жыйынында Түркиялык министир анын өлкөсү террорчулука каршы күрөштө эл-аралык коомчулуктан жана кошуналарынан жардам күтөөрүн билдирди.
“Саясии диалог, дипломатия, экономикалык каражаттар жана аскердик чараларды да кошуп алганда террорчулук менен күрөшүүнүн көптөгөн каражаты бар жана биз бул каражаттардын бардыгын өз маалында жана шашпай колдонуш керек деп ишенебиз”,- деди Али Бабажан мырза. Түркиянын тышкы иштер министрин андан ары Ирактын премьер-министри Малики жана президент Жалал Талабани кабыл алды. Жолугушуудан кийин премьер-министри Маликинин кеңсесинен жарыяланган билдирүүдө ПККнын Ирактагы бардык бюролору жабыла тургандыгы жана жикчил уюмдун Ирактын жериндеги иш-аракеттери токтотула тургандыгы баяндалды. Президент Жалал Талабани дагы, ПККнын Ирактын территориясынан пайдаланып Түркиянын жерине чабуул коюууга уруксат берилбеи турганын ишендирди.
Ушул арада премьер-министри Эрдоган Лондондо кесиптеши Гордон Браундун колдоосун алды. Көзмө көз сүйлөшүүлөрдөн кийин чыгып сүйлөгөн Броун: “Биз ПККнин террорчул зомбулуктарын, анын 12 түрк аскеринин өмүрүн кыйган, Түркиянын коомчулугун дүрбөлөңгө салган иш-аракеттерин кескин түрдө айыптаибыз”,- деди.
ПКК жикчил тобунун кийинки аралыкта ишке ашырган террордук актыларынын натыйжасында өткөн аптада Түркиянын парламенти Түндүк Ирактагы ПККнин согуштук бөлүктөрүнө аскердик чабуул коюу тууралуу өкмөткө уруксат берген. Учурда Ирак менен болгон чегара боюна 100 миң чамасында түрк аскери топтоштурулгандыгы билдирилүүдө. Ирактагы оккупациялык администрациянын башы жана Түркиянын НАТОдогу өнөктөшү АКШ Анкараны карманып турууга жана жакшы ойлонуп биргелеше аракеттенүүгө чакырды.
Премьер-министр Режеп Т. Эрдоган кечөө Лондондо уюштурулган басма сөз жыйынында Түркия дипломатияга төр берип жаткан менен түбөлүкө күтүп тура албастыгын эскертти.
“Түркиянын өкүмөтү Түндүк Иракка аскердик операция жасоо тууралуу парламенттен алган мандат бир гана ПККни бутага алат. Анткени, биз Ирак калкы менен өткөндө кыйын күндөрдө жанаша жашадык келечекте да биз аларды колдойбуз. Биздин Ирактын территориялык бүтүндүгүнө же саясии биримдигине кийлигишүү деген эч кандай бир арам оюбуз жок” ,-деди ал.
Аким Өзгөн, Түркия