Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

«АЛАТООНУН КҮЛҮКТӨРҮ» ТАСМАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК БЕТ АЧААРЫ БОЛДУ


Ушул айда кыргыз жылкысы тууралуу немис режиссерунун даректүү тасмасынын премьерасы болду. "Ала-тоонун күлүктөрү" аттуу Томас Вартмандын документалдуу фильми атактуу АРТЕ каналынан көрсөтүлдү. Бул тасмада кыргыз жылкысынын тукумун сактап калуу аракеттери тууралуу баяндалат.

Кыргыз жылкысы тоо-ташта тез жүрүп, кышкысын кар тээп, чөп таап жейт. Ал ушунусу менен уникалдуу, бирок советтик мезгилде кыргыз жылкысын жерип, европалык башка жылкыларды алып келип, аргындаштырып отуруп, ал тукум курут болуп кала жаздаган. Акыркы жети жылдан бери Кыргыз аты деп аталган бейөкмөт уюм кыргыз жылкысынын тукумун тазартып, анын өзүнө татыктуу ордун табышы үчүн иш жүргүзүп келет.

Бул үчүн белгилүү дүйнөлүк университеттердин окумуштуулары менен кызматташттык жолго коюлган, ал эми Кыргызстандын өзүндө жылыга күзүндө көл кылаасында Кыргыз жылкысына арналган фестиваль өтөт.

Мюнхендик режисер Томас Вартмандын тасмасы көчмөндөрдүн өз иденттүүлүгүн, өз маданиятын кайра таап, калыбына келтирүү аракетин мына ушул өңүттөн чагылдырат. Вартман Кыргызстанга былтыркы фестивалга даярдык жүрүп жаткан мезгилде барган экен. Анын айтымында, Ала-тоодо аны кыз куумай ойнун айрыкча жакты:

- Мага ат оюндарынан кыз куумай айрыкча жакты. Аттын кулагы менен тең ойногон кызды артынан жигит кууп барып, өбүшү керек экен, ал эми кыз аны камчы менен сабайт. Бул кандай сонун, кызык оюн деп ойлодум. Бирок баарынан да мени суктандырган нерсе, эски салттардын жанданышы жана элдердин эбак жоготуп койгон салттарын кайра ордуна келтирип жаткандыгы болду.

Мен режисерден артка кеткен туурабы же алдыга умтулуш керек эмеспи деп сурадым. Ал бул эки көрүнүш бир-бирине кайчы келбейт деген оюн мындайча билдирди:

-Менимче бул мүмкүн.. Өзүңөр билгендей, убакыт токтоп калбайт. Албетте кыргыздар азыр тоодо көчкөндө төө менен эмес, боз үйүн жүк ташыган машинага салып алып көчүшөт. Бирок боз үй тоодогу турмушка өтө ылайыктуу жана өтө кооз үй. Албетте, заманбап технологияны колдонуп, ошол эле мезгилде салттарды сактаса болот. Эч нерсе өзгөрүүсүз калбайт, баары дайым өзгөрүп турат.

Томас Вартман Кыргызстанда филм тартканда, жергиликтүү режиcсерлер менен таанышты:

- Биз КыргызФильм студиясы менен байланышта болдук, алар бизге абдан жакшы кол кабыш көрсөтүштү. Кыргызфильмден мен эки кино-операторду жалдадым, себеби фестивалда ат чабышта бир нече камера керек болду. Алар өтө кесипкөй экен, көп жардам беришти.

Кыргызстан немис режисcеруна ушунчалык жагып калган экен, өткөн жайда кайра үй-бүлөсү менен эс алууга келип кетти. "Мен кино тарткан жерге кайра экинчи келбейм бирок Кыргызстанга кайра бардым, ат менен бир топ жерди кыдырдык. Жаан жаап туруп алганы болбосо, өтө көңүлдүү эс алдык" деп күлдү режисcер.

Анын аралыгында, "Кыргыз Аты" уюму күздөгү фестивалга даярдык көрүп жатат. Бул уюмдун жетекчиси Жаклин Рипар быйыл да фестиваль Барскоондо ноябрдын башында өтөрүн, бирок быйылкы программа жылдагыдан кеңири болоорун бышыктады:

- Бизде кыргыздардын көптөгөн салттуу ат оюндары, ат чабыш болот. Биз ошондой "Айтыш" кору менен бирдикте айтыш өткөрөбүз. Мындан тышкары, Франциядан келе турган команда менен "атчандардын топ ойнун" өткөрөбүз. Азыр бул команда кыргыздардын эки командасын даярдап жатат. Бул оюн көкбөрү ойнунан келип чыккан жана эл аралык оюн болуп саналат.

Баскоондогу фестивалга Тажикстандын Мургаб аймагынан да акындар чакырылган. Быйыл төртүнчү жолу өтө турган кароодо кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү да болот. Ар кандай айтыш, ат чабыштын кадыры баш байге менен өлчөнөт эмеспи. Быйылкы ат чабышта биринчи келген күлүктүн ээси Францияга барып, бул өлкөнүн 2006-жылдагы ат чабыштын чемпиону менен машыгууга жолдомо алат. Ал эми акындардын айтышында ким жеңсе, жеңил машина минет. Демек, саяпкер жылкыларын таптап, ал эми акындар өнөрүн өөрчүтүп, күздөгү кароого даярданып жатышат.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG