Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

АЗЫРКЫ БИЙЛИК ТУШУНДА АКСЫ ОКУЯСЫНА АКЫЙКАТ БАА БЕРИЛЕБИ?


Аксы окуясына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча Бишкек гарнизондук соту өкүм чыгарды. Ага ылайык кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жаткан ИИМ министринин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаев күнөөсү далилденбегендигине байланыштуу акталды. Ал эми Жалалабат облустук ИИБ жетекчиси Кубанычбек Токобаев жана Жалалабат облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов эки жылдык сыноо менен шарттуу түрдө беш жылга эркинен ажыратылды. Сот өкүмүнө ыраазы болбогон aксылыктар азыркы бийликтин тушунда Аксы окуясына акыйкат баа берилип, күнөөлүүлөр аныкталбайт деген бүтүм чыгарышууда.

Аксы окуясынын болушуна жана анда бейкүнөө адамдардын окко учуп, жарадар болуп, таяк жеп калышына ким күнөөлүү деген суроо дээрлик беш жылдан ашык убакыттан бери жоопсуз калып келе жатат. Аскар Акаевдин тушунда акыйкаттык орношунан үмүт үзүшкөн Аксылык жабырлануучуларда 2005-жылы март ыңкылабы менен орногон жаңы бийлик бул кайгылуу окуяга чекит коет деген илгери үмүт пайда болгон. Бирок ыңкылаптан кийин Баш прокурор болуп иштеп баштаган Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынуусу, өткөн жылы 2-июнда Аксы окуясына байланыштуу 2003-жылкы чечимин Жогорку сот өзгөртүүсүз калтыруусу жабырлануучулардын ындынын суутуп, акыйкат аягына чыгат деген үмүтүн өчүргөн. Жогорку соттун чечимине нааразы болгон Аксылык жабырлануучулар президент Курманбек Бакиев менен жолугууну талап кылып, Өкмөт үйүнүн короосуна кирүүгө аракет жасаган учурда аларды милициянын атайын кызматкерлери аларды Акүйдүн темир тосмосунан сыртка сүрүп чыгарып таштаган.

Ушундан кийин Аксылык жабырлануучуларда жана коомчулукта 2002-жылдын 17-18-мартындагы кан төгүүлөргө ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Курманбек Бакиевдин өзүнүн да күнөөсү бар деген шек туула баштаган. Курманбек Бакиев өзү болсо Аксы окуясына байланыштуу эч кандай айыбы жок экендигин билдирип жүрдү. Ал 2007-жылы 17-мартта Аксылыктар менен жолугуп сүйлөшкөн учурда муну баса белгилеп, кандуу окуяга күнөөсү барлар жазасын алышты деп түшүндүрүүгө аракет жасаган:

-Күнөөкөр дегендердин көбү амнистия менен бошотулуп кетиптир. Айрым иштер боюнча күбөгө өтүүчүлөр республикадан сыртка чыгып кетиптир деген өңдүү шылтоолор менен иш аяктабай келе жатканы мени өкүндүрөт. Ушул жерден айтып кетким келет, кырчындай өмүрү кыйылган жигиттердин убалы, элдин каргышы соо койбойт экен. Күнөөлүүлөр негизинен жазасын алды дейт элем, эл-жерине батпай, тентип жүрүштүн өзү чоң жаза эмеспи. Сөз кимдер жөнүндө болуп жатканын өзүңүздөр да түшүнүп турасыздар.

Курманбек Бакиевди көрсөтмө берүүгө бир нече ирет чыкырып, бирок анысы ишке ашпай, өзү баш прокурорлук кызматтан кеткенин белгилеген Азимбек Бекназаров азыркы бийлик турганда Аксы окуясы аягына чыкпайт деген ишеничте:

-Мен эки жолу президентке баргам: Аксы окуясы боюнча сурак бер деп. Эки жолу тең келбей, мени кызматтан алып койгон. Аксы окуясы боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Дооронбек Садырбаевге президенттен түшүнүк кат ал, сурак ал деп айттык. Учурунда Бакиев кол койгон кагаздарынын баарын ачыкка чыгардык. Болду да эми, -дейт Азимбек Бекназаров.

2002-жылдын 17-18-мартындагы ок атуулар бийликтин “Тайфун” операциясы киргизилгенине байланыштуу болгондугу, ал операцияны ишке киргизүүгө ошол кездеги өкмөт башчы, азыркы президент Курманбек Бакиевдин катышы бар деген ойлор айтылып жүргөн. Бирок 2002-жылдын аягында “Агым” гезитине (2002-жыл, декабрь) берген интервьюсунда Курманбек Бакиев Аксы окуясынын тушунда “Тайфун” деген операция тууралуу укпагандыгын айткан эле. Быйыл 7-сентябрда “Лица” гезити Аксыда “Тайфун” операциясын киргизүү тууралуу ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиевдин төрагалыгы астында жыйын болуп, анда «Тайфун» операциясын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганын кабарлаган жана ал күнкү документтин көчүрмөсүн жарыялаган. Ошол эле күнү маалымат жыйынын өткөргөн башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бул документ тергөөгө мурдатан эле белгилүү, 17-мартта саат 21:00 киргизилген “Тайфун” операциясы мыйзамдуу болгон деп билдирди:

-Бул документ кылмыш ишинин материалында бар, эч кандай жаңылык эмес, бул Курманбек Бакиев үчүн эч кандай компромат боло албайт. Ал өкмөт башчы болуп туруп, Аксыда кырдаал курчуп турган мезгилде минтип аракет кылбаса, ошондо аны эч кандай аракет кылган эмес деп айыптоого болот эле. Ал жыйын өткөрүп, кырдаалды мындан ары кантип чечүүнү ойлонуштурууга милдеттүү болчу.


Элмурза Сатыбалдиевдин мындай маалыматынан кийин, Курманбек Бакиев өзү эмне үчүн учурунда муну жашырган деген суроо туулбай койбойт.

Аксылык жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлү, укук коргоочу Азиза Абдурасулова азыркы президент тарабынан “Тайфун” операциясын ишке киргизүү тууралуу берилген буйрук мыйзамдуу деп эсептелгенде да, анын ишке ашырылышында мыйзамсыз аракеттер болгон дейт:

-18-март күнү ок атуучу курал колдонуп, адам өмүрүн кыюуга, жүздөгөн адамдарды элди кармап, сабоого зарылчылык бар эле, мына ушул иликтенген жок.

Аксы окуясына байланыштуу Жалалабат шаарында болуп өткөн соттун чечими Аксылыктарды алымсындырган жок. Бул жолу айыпталуучулардын бири ички иштер министринин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаев күнөөсү далилденбегени үчүн акталып, ал эми Жалалабат облустук ИИБнын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Токобаев жана Жалалабат облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновдун эки жылдык сыноо мөөнөтү менен беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылышы азыркы бийликтин тушунда да Аксы окуясы аягына чыкпай тургандыгын көрсөтүп койду, дешет аксылык жабырлануучулар. Алардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков Бишкек гарнизондук аскер сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко кайрыларын айтты:

-Албетте апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылабыз. Азыркы бийликтин тушунда бул окуяга чекит коюлбайт. Эгер айыптууларды шарттуу түрдө эркинен ажыратпай, ошол сот залынан камакка алганда, мен ишенет элем. Бул жолу бир нерсе чыгат экен деп ишенет элем.

Адвокат Сартбай Жайчыбеков өзү да бул кадамынан майнап чыгарына толук көзү жетпей, Курманбек Бакиев бийлик башында турганда Аксы окуясы адилет чечилерине ишенбей турган кези.

Ал эми президенттин коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Абибилла Абдугапаров бардыгын сот чечет деп билдирди:

-Жогорку Сотко кайрылышсын. Эгер жабырлануучулардын даттануулары туура болсо, Жогорку Сот канааттандырат.

Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Аксы окуясын аягына чыгаруу боюнча президенттен атайын тапшырма алгандыгын айтып, 18-марттагы окуя боюнча кошумча кылмыш иши козголгондугун маалымдаган. Ошондой эле ал бул иш менен бирге Аксы окуясынын чыгышына себеп болгон Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы боюнча прокуратура кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши да тергелип жаткандыгын ачыктаган. Аксылык жабырлануучулар жана укук коргоочулар Бишкек гарнизондук сотунун чечиминен кийин кошумча козголгон кылмыш иштери да аягына чыгышы күмөн деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG