Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

ОШ ШААРДЫК СОТУНДА АЛМАЗБЕК ТЕКЕБАЕВДИН ИШИ КАРАЛУУДА


Бейбаштык кылып, милицияга баш ийбей койгон, кызматтык милдетин аткарып жүргөн кишилерге кол көтөргөн деп айыпталып, 4-сентябрдан бери абакта жаткан Жогорку Кеңештин экс-спикери Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси, Ош шаарындагы Навои паркынын орун басар директору Алмазбек Текебаевдин ишин Ош шаардык соту 24-октябрда кайрадан улантты.

Жабырлануучу, Ош шаарынын башкы ветеринардык доктуру Кумарбек Исаков Алмазбек Текебаевди расмий түрдө кечиргендигин, айыпталуучу жетишээрлик азап тартты, аны эми бошотсо жарашат деген оюн жараяндын аягында дагы бир ирет жарыя кылды:

- Камалышынын кереги жок. Адам катары жазасын алды го деп ойлойм. Кечиргенден кийин кечирим сөзү ошол болсо керек. Камалышын каалабайм,- дейт Кумарбек Исаков.

Дагы бир жабырлануучу, ЭлТР телекомпаниясынын оператору Сьездбек Жолдошбаевге сөз кезеги тийгенде, ага ким кол көтөргөндүгүн билбей тургандыгын минтип айтып берди:

- Карап туруп урганда мага тийди да. Мен жакалашып урушуп кеттик. Сиздин муштумуңуз келип тийгенин көргөн жокмун. Бирок, муштум келип тийген, а кимден келип тийгенин билбейм,- ушинтип билдирип койду Съездбек Жолдошбаев.

Судьянын жана процесстин катышуучалрынын көзүнчө айыпталуучу Алмазбек Текебаев менен жабырлануучалардын бири, милициянын майору Азамат Мырзалиев экөө кадимкидей кайым айтыша кетти эле, ички иштер кызматынын офицери да аны ким муштагандыгын эстей албай мукактанды:

- Менин операторду, журналистти, ветеринарды урганымды көрдүңүздү же көргөн жоксузбу. Мен сизден сурап жатам.

Ал эми мамлекеттик каралоочу Нематжан Гудуков Текебаевдин дарегине провокациялык маанайдагы сөздөрдү агытты:

- Менде суроо бар. Бул киши айткан бул процесс ачык болуш керек деп. Сиз кечирим сурадыңызбы же жокпу,- деп утуру ушинтип сурап жатты Нематжан Гудуков.

Cудья Бурханидин Нурмаматов да эмоцияга алдырып, айрым учурда позициясын байкаткансыды:

- Буйрук чыктыбы. Атайын эмгек кодекси менен буйрук чыгат ишке алынат. Айлык бекитилет. Он жылдан бери ушул жерде жүрсөңүз жакшы билесиз. Оозеки эле айта бербеш керек. Текебаев орун басар болуп калды десе коркосуңарбы,- деди Бурханидин Нурмаматов.

Күбөлөр келбей калгандыгына байланыштуу Алмазбек Текебаевге байланышкан жараянды сот 25-октябрга жылдырды. Айрым байкоочулардын баамында, жогору жактын каалоосу боюнча Кыргыз парламентинин экс-спикери Өмүрбек Текебаевдин бир тууган инисине эптеп илинчек таап, 1-2 жылга күчөтүлгөн режим чектеши ыктымал.

XS
SM
MD
LG