Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкери М.Мамбеталиев мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын аткарылышын текшерүү маалында Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы жоопкерчилиги чектелүү «Шер-Курулуш» компаниясына 338 миң сом акчаны ашыкча төлөп бергенин ачып чыккан. Башкы прокуратуранын пресс-кызматынын жаңы жетекчиси Эмил Абдуманапов ал боюнча кылмыш иши ачылган-ачылбаганын билбей турганын маалымдады.
- Мен аны азырынча билбейм. Билгенде жооп берет элем.
Айрым маалымдоо каражаттарында 23-октябрда Башкы прокуратурадан Кыргызстандын Ички иштер министрлигине Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы тендер өткөрбөй, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзам талабын сактабай имаратты оңдоо иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу материал келип түшкөнү кабарланды.
Өткөн жылдын сентябрынан быйылкы жылдын августуна чейин Жогорку Кеңештин имараты оңдолуп, ага баш-аягы болуп 13 миллион ашуун акча коротулган. Парламенттин иш башкармалыгын жетекчиси Алишер Абдимомуновдун ырасташынча, оңдоо иштери аткарган курулуш компаниясына келишимде белгиленген акысы толук төлөнүп бериле элек. Ашыкча төлөнүп кетти делген 338 миң сомдун чоо-жайын ал мындайча түшүндүрдү.
- Биз ал 338 миң сом менен макул эмеспиз. Бизге тактап берген Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин катынын негизинде, анын методикасынын негизинде өзүбүздүн эсебибиз туура экенине ишенебиз. Ал эми 338 миң сомду 16% болгондо эмне болот, 21% болгондо эмне болот, деп жөнеле чыгарып койгон сан. Ал далилденген жок, аны айтканга эрте.
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы Башкы прокуратура кызматкери тарабынан коюлган кинени четке кагып, аткарылган иштин көлөмүнө жараша Архитектура жана курулуш агенттиги белгиленген өлчөмдө акча төлөнүп берилгендигин ырастоодо. Агенттик капиталдык оңдоого төлөнчү акча 16%, ал эми кайра куруп чыгуу, башкача айтканда, реконструкция жасоонун баасы 21% экенин аныктаган. Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын инженердик-курулуш бөлүмүнүн кеңешчиси Любовь Зинченко прокуратура оңдоп-түзөө жумуштарына 16% гана акы төлөө керек деген кине коюп жатканын айтты.
- Менден мына ушул жөнүндө сураганда мен жооп бербей койдум. Ал болсо “Сиз 16% дегенге макул болуңуз” дейт, мен “жок” дейм. “Мен буга макул эмесмин” деп кагазына кол коюп бердим.
Жогорку Кеңештин бир жылга созулган оңдоп-түзөө жумуштары аягына чыга электе дагы бир түйшүк кошулду. Алишер Абдимомунов ушу тапта парламенттин жыйындар залына дагы 15 орун кошулуп, партиялык тизме менен келчү депутаттарга 90 иш бөлмөсү даярдала тургандыгын маалымдады. Бул да кыйла акчаны талап кылчу жумуш. Жаңы парламент ишке киргенче имаратты оңдоп-түзөө, 90 депутатка жыйындар залынан орун даярдоо жумуштары жүрмөкчү. Кезектеги курулушка канча акча сарпталары азырынча белгисиз.