Анкара буга чейин Ирактын түндүк чек арасына 100 миң аскер топтогон эмес. 1990- жылдары түрк армиясы дээрлик 30 жолу КПКнын согушчандарына сокку урганда чек арага ашып барса 50 миң аскер тарткан. Он түмөн козголсо, түндүк Ирак кый- сыпырга түшөт деп чочуган Вашингтон Анкараны колдоп, Ирактык күрттөрдү ПККны аймактан сүрүп чыгууга түртүүдө. Мамкатчы Кондолиза Райс шейшемби күнү билдиргенге караганда:
-Кошмо Штаттары Ирактын түндүк ныптасындагы өтө катаал жагдайды жөнгө салуу үчүн өзүнүн Ирактагы жана Түркиядагы союздаштары менен шымалана иштөөгө дилгир. Бул маалымат бөлүшүүнү, эриш аракак аракеттенүүнү талап кылат.
АКШ өкмөтү ПККны террорчул уюм деп ырасмий түрдө жарыялаган. Вашингтон, Анкара сыяктуу эле, ПККны Ирак күрттөрүнүн күчү менен ийге салууну каалайт. Бирок, азырынча күрт регионалдык өкмөттүн пешмаргелери 1980- жылдардан бери аймакты пааналаган түркиялык күрт жикчилерине каршы эч кандай чара көрбөдү. Ошондон улам, Мамдепартаменттин Ирак боюнча кеңешчиси Лэвид Сэттерфилд: “Бизди аракеттин жоктугу канааттандырбайт”, деп билдирди 23- октябрда Ирак күрттөрүнүн жетекчилиги жакка ишаара кылып.
Түркия Ирак күрттөрүнүн бийлигин тааный элек. Анкара андыктан Ирак өкмөтү аркылуу аракеттенүүдө жана Ирактын тышкы иштер министри Зебари чатакты жөндөө боюнча сүйлөшүү эч бир партиянын, анын ичинде ПККнын катышуусу жок өтөөрүн эскертти.
Ирак күрттөрү Анкара менен чатакты басуунун амалын талкуулаганга даяр. Бирок, ал үчүн, Анкара алардын айрым шартына көнүш керек дейт күрт регионалдык өкмөтүнүн мурдакы тышкы иштер министри Сами Шорес:
-Ирак күрттөрүнүн талабы мындай: Эгер түрк өкмөтү Ирак Күртыстанындагы ПККга байланыштуу жагдайды тынчтык жолу менен чечилет деп жарыяласа, эгер ПКК саясый мунасадан баш тартса, ошондо күрттөр америкалыктар, Ирак өкмөтү жана Түркия өкмөтү менен абалдан чыгуунун башка жолун ойлонууга даяр.
Күрт регионалдык өкмөтүнө ымаласы жакын бейтарап талдоочулардын айтымында, ирактык күрттөр өз кызматы үчүн Анкарадан өтө кымбат сурамакчы. Атап айтканда, алар Түркиядан Ирактын түндүгүндөгү күрт провинциясын Ирак федералдык мамлекетинин бир бөлүгү деп таануну талап кылышы мүмкүн. Буга Анкаранын оңой менен барары күмөн.