Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

БИЙЛИК ПАРТИЯСЫНЫН ЖАШТАР КАНАТЫН АЛИШЕР МАМАСАЛИЕВ ЖЕТЕКТЕЙТ


Алишер Мамасалиев бийликти колдогон “Ак жол” партиясынын жаш канатын жетектей турганын 25-октябрда кабарлады. Өзүнүн оппозициялык маанайы менен таанымал бул жаш саясатчы эмне үчүн президентти колдогон “Ак жол” партиясы менен парламенттик шайлоого барган жатат?

Мамасалиевдин айтымында ага оппозициялык партиялардан чогуу-чаран иштешүү тууралуу сунуштар болгон эмес. “Кел-кел” жаштар уюму аркылуу таанылган лидердин тажрыйбасын “Ак жол” партиясы колдонууну чечсе керек.

“Кел-кел” жаштар уюмунун мурунку мүчөлөрүн эске албаганда, Алишер Мамасалиевдин революциядан кийин табышкан жолдошторунан азырынча “Ак жол” партиясында көрүнбөйт.

Жаштар буга чейин бир топ орчундуу саясий жараяндарга катышып, олуттуу салым кошкону менен көп учурларда мындай иш-чаралардын соңунда саясий оюндардын куралы болуп калганын айтып чыга келишээр эле. Алишер Масалиев эми деле саясатчылар жаштарды өз кызыкчылыктарына колдонбойт дегенге кепилдик жок экенин айтат:

- Жаштар көбүнчө саясий курал катары колдонулуп калат дегенге кошулам. Бүгүнкү күндө деле бул проблема дале актуалдуу. Ошондуктан биз өзүбүзчө жаш канат болуп түзүлүп жатабыз. Сиз сурап жатпайсызбы, эгер партиялык тизме түзүлсө жаштар канчанчы орундарды алат деп. Муну биз чече албайбыз, партиянын саясий кеңеши чечет. Бирок жаштарга орун арттан тийип калышы ыктымал деген коркунуч бар.

Негизинен кыргыз жаштарынын саясий жигери жогору деп белгиленип келет. Далай жаштардын уюмдары, бирикмелери түзүлүп, бир идеянын алкагында кошулууга аракеттер жасалганы менен, эмне себептен жаштардын бирдиктүү кыймылы түзүлгөн жок деген суроого Алишер Мамасалиевдин ынанымдуу жообу даяр эместей:

- Бул суроого комментарий бере албайм. Эмне үчүн азыр жаш саясий лидерлер өз-өзүнчө саясий партияларга кирип кетти, мен үчүн деле бул чоң суроо. Бирок эми заман ушундай болуп калды.

Бириккен оппозициянын “Ата Мекен” партиясынын жаш мүчөсү Элегия Мусаева Алишер Мамасалиевдин илгерки пикирлештеринен. Мусаева дагы азыр заманга жараша жаш саясатчылар да өзгөрүлүп, пикир-ою кубулуп жатат деген жүйөө менен макул. Жаш лидерлердин дымактары да чогуу келаткан жаштардын бөлүнүп жарылышына алып келүүдө:

- Бул эми мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ар кимдин ойлору, көз караштары ар башка. Мезгил өтөт. Өзгөрүү болгон сайын алар да өзгөрөт. Бирок бул жерде амбициялардын да үлүшү чоң.

Азыр “Ак жол” партиясынын жаш канатынын мүчөлөрү 250 гө чамалап калды. Жылдыз Азыкова өзү айткандай жөнөкөй студент, “Ак жол” партиясынын жаш мүчөсү:

- Жаштардын арасында сындагандар толтура. Кылган иши жок сындап отура бербей, ойлорду да айтыш керек да. Идеяларды айтып, кыймылдабаса биз астыга жыла албайбыз.

Минтип алга карай жылууну үмүт кылган “Ак жол” партиясынын жаш мүчөлөрүн жетектеген Алишер Мамасалиев анткени менен бийликке да, оппозицияга да ишеңкиребеген калыбынан жаза элек:

- Бийликке деле, оппозицияга да, партияга деле ишенич жок. Бирок аракет кылабыз. Эгерде бийликке келсек, аракет кылабыз. Идeябыз бар.

Жаш саясатчы Алишер Мамасалиев эгер депутат болуп калса ишин эмнеден баштаарын айткан жок. Айтпаган себебин, өзү ар дайым сындап келген убадаларды кабелтең берип көнүп калган улуу муундагы саясатчыларга окшошуп калгысы келбегендиги менен түшүндүрдү.

Алишер Мамасалиев 2005-жылы болгон жоогазын ыңкылабында "Кел-кел" уюмуна жаштарды бириктирип, бир күч кылып алып чыккан. Андан соң күткөн үмүтү акталбай оппозицияга ооп кеткен эле. Эми ал бийлик таламын талашып шайлоого бараткан “Ак жол” партиясынан өзүн кандай көрсөтөөр экен?


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек

XS
SM
MD
LG