Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

АЛИШЕР САИПОВДУ ЭСКЕРҮҮ АКЦИЯСЫ (сүрөт баян)


Бүгүн Бишкекте Ички иштер министрлигинин алдында Алишер Саиповду эскерүүгө арналган коомдук акция өттү. Эскерүү акциясына элүүгө чукул адам чогулду. Алардын арасында Социал-демократиялык партиянын активисти Эдил Байсалов жана укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, ошондой эле журналисттер болду. Алар Алишер Саиповдун буюртма менен өлтүрүлгөн окуясын айыптап, буга жол берген мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе көтөрүп сүйлөштү. Кыргызстандагы медиа коомчулук Алишер Саиповду журналисттик ишмердиги үчүн өлтүрүштү деп эсептеп, кылмышкерлерди тез арада таап, жазалооону талап кылууда. Ош шаарында 24-октябрда белгилүү журналист Алишер Саиповду атып өлтүрүп кетишкен. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармасынын начальниги Мелис Турганбаев ИИМдин имаратынын алдына чогулган коомчулукка чыгып, Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, укук коргоо органдарды журналисттин өлүмү боюнча эки версияны иликтеп жатышат. Биринчиси, анын кесиптик ишмердиги менен түздөн-түз байланыштуу жагы, экинчиси – кылмыштуу топтор жасаган иш болушу мүмкүн деген божомолдор бар. (KCh)





XS
SM
MD
LG