Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:46

ИРАНГА КАРШЫ ЖАҢЫ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗГЕНГЕ ОРУСИЯ КАРШЫ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ жетекчилиги Иранга каршы 25-октябрда жаңы санкцияларды жарыялаганы дүйнө коомчулугунда дээрлик толук колдоого алынды. Улуу Британиянын айтымында, Бириккен Улуттар тарабынан Иранга каршы кабыл алына турган жаңы резолюциянын долбоорун даярдаш керек. Бирок Португалияда жүргөн орус президенти Владимир Путин Вашингтондун жаңы чечимин катуу сынга алды.

Иран көп жылдардан бери жашыруун, андан соң ачык түрдө өзөктүк изилдөө жүргүзүп келгендиктен, Батыш мамлекеттери ага каршы бир топ экономикалык чара көргөн жана Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңеши буга чейин эки резолюция кабыл алып, Тегеранга каршы чектөө жарыялаган.

Ирандын айтымында, анын өзөктүк программалары атом куралын өндүрүү максатын көздөбөйт, ошондуктан ага каршы көрүлүп жаткан чаралар мыйзамсыз. Үстүбүздөгү жылдын 21-августунда Тегеран - Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик тарабынан көтөрүлгөн маселелерге жылдын аягына чейин жооп бере турганын билдирген жана 28-сентябрда Иран менен сүйлөшүү жүргүзүп келген өкүлдөр - ага каршы мүмкүн жарыялана турган жаңы санкциялар боюнча резолюцияны ноябрда карай турганын айткан.

Андай сүйлөшүүлөргө - Алмания жана Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө болуп кирген АКШ, Британия, Кытай, Орусия жана Франциянын өкүлдөрү катышууда. Андан тышкары Европа Биримдигинин тышкы саясаты үчүн жооптуу Хавьер Солана менен Ирандын жаңы өкүлү Саид Жалили 23-октябрда Рим шаарында өз алдынча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын баштаган.

24-октябрда болсо АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Конгрессте чыгып сүйлөп, Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук менен байланышкан Вашингтондун кызыкчылыктарына Иран коркунуч түзүүдө деп билдирди жана анын эртеси АКШ өкмөтү Иранга каршы жаңы чектөөлөр киргизилгени тууралуу жарыялады. Андай санкциялар Ирандын жыйырмага жакын компаниясы, банкы жана айрым жарандарынын экономикалык аракеттерин чектейт, алардын АКШ аймагындагы банк эсептери болсо тоңдурулат.

Улуу Британия мындай аракетти колдоп чыкты, өлкөнүн премьер-министри Гордон Браун болсо ага чейин эле, 23-октябрда Лондон шаарында Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт менен жолукканда - Иранга каршы чектөөлөр кеңейтилиш керек деп айткан.

Дүйнөнүн башка мамлекеттери дагы дээрлик каршылык билдирген жок, бирок Европа Биримдиги менен Орусия ортосундагы саммитке катышуу үчүн Португалияга келген орус президенти Владимир Путин 25-октябрда - мындай санкцияларды кеңейтүү саясаты оң жыйынтык бербейт деп жарыялады. Анын айтымында. Ирандын өзөктүк программалары менен байланышкан маселе жаңыдан оңолуп келатканда жаңы санкцияларды жарыялоо жөн гана проблеманы ого бетер татаалдантат. Андай катуу чаралар үчүн күрөшкөн саясатчыларды болсо Путин - колуна канжар кармап алып, көчөдөгү эл арасында чуркап жүргөн акылынан адашкан адам менен дагы салыштырды.

Америкалык чектөөлөр, башкалардын арасында, Иран өкмөтү көзөмөлдөгөн "Мелли" деген банкка каршы дагы жарыяланды. Бирок ал банктын филиалы Маскөөдө да бар жана ал филиалга америкалык санкциялар таасир тийгизбей тургандай. Орусиянын Банктар ассоциациясынын президенти Гарегин Тосунанядын айтымында, Вашингтон кабыл алган чечимдин аларга тийешеси жок:

"Банктар саясатка аралашпайт, алар өз кызыкчылыгын көздөп иштейт. Бирок кайсы бир саясий маселе менен байланыштуу алар чечим кабыл алууга аргасыз болгондо, ал чечимдер - ошол банктар жайгашкан мамлекеттин эрежелерине төп келиш керек, башка мамлекеттин эмес. Биздин банктар орусиялык банктар, америкалык эмес. Кайсы себептен биз америкалык Ак үйдүн буйруктарын аткармак элек?" - дейт Тосунян.

XS
SM
MD
LG