Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

ИРАН МЕНЕН ПАКИСТАНДА ЖАШАГАН БЕЛУЖИЛЕРДИН АРАСЫНДА КРИЗИС ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Эл аралык кризис тобу жарыялаган жаңы отчетто - Пакистан менен Иранда жашаган белужилердин абалы өтө оор деп айтылат. Отчет авторлорунун пикиринде, эки мамлекеттин тең жетекчилери аларга өгөй улутка катары мамиле кылат жана жакынкы келечекте абал оңоло тургандай эмес деген жыйынтык чыгарылат.

Иран менен Пакистандын чек аралаш аймактарында белужилер деген эл бар, калктын жалпы саны он миллиондун тегерегинде, алардын сегиз миллиону Пакистандын Белужистан провинциясында, калган эки миллиону Ирандын Систан провинциясында отурукташкан. Бирок эки мамлекетте тең белужилер жокчулукта жашайт.

Баш кеңсеси Брюссел шаарында жайгашкан Эл аралык кризис тобу 22-октябрда атайын отчет чыгарып, аны белужилердин маселелерине арнады. Отчетттун авторлорунун айтымында, абалдын ого бетер начарлап кетпеси үчүн Пакистан менен Иран жетекчилиги аларды мамлекеттин жалпы иштерине көбүрөөк тартып, жалпы улуттук аракеттерге аралаштырыш керек.

Пакистан өкмөтү азыр, мисал үчүн, белужилер өз алдынча болуп бөлүнүүнү көздөйт деп, алардын арасынан чыккан саясатчыларды куугунтуктайт, бирок Кризис тобунун айтымында, мындай саясат уланса, абал ого бетер начарлашы мүмкүн.

Пакистандын Адам укуктар комиссиясынын төрагасы Рехмандын айтымында, абал өтө начар: "Маселе - өкмөттүк саясатка төп келбеген пикир айткандын баары куугунтуктоого алынганында. Адамдардын дайынсыз жок болуп кетип жатканы - проблеманын көзгө көрүнгөн учу гана. Белужилердин өздөрүнүн пикиринде, маселе - алардын мекенинин байлыктары өкмөт тарабынан толук көзөмөлгө алынып, белужилердин өздөрүнө эч пайда алып келбей жатканында. Андан тышкары, алар өз пикирин ачык билдире албайт", - дейт Рехман.

Исламабад шаарында иштеген журналист Мариана Баабардын пикиринде болсо, саясий укуктардын камсыз кылынышы өтө маанилүү, бирок Белужистанда кадимки жашоо шарттары дагы түзүлгөн эмес жана эң биринчи кезекте ошого көңүл бурулуш керек: "Белужилдеридин айылдарына таза суу да жете элек. Алардын аймагында билим берүү жана саламаттык сактоо системалары дагы дээрлик иштебейт. Белужилерге - алар Пакистандын эли эмес сыяктуу мамиле жасалат. Гавадар шаарында өкмөт порт курууну баштады, бирок ал курулушка Пенжаб жана башка аймактардан жумушчулар алып келинүүдө", - дейт Баабар.

Мамлекеттик чек аранын нары жагында Иранда жашаган белужилердин абалы дагы ошондой эле оор. Баш кеңсеси Лондон шаарында жайгашкан "Эмнисти интернэшнл" уюмунун эксперти Дрюэри Дайктын айтымында, Ирандын түштүк аймактарындагы турмуш мындан жүз жыл мурдагыдай абалда: "Систан-Белужистан азыр - Ирандын эң жакыр жана жокчулукка баткан провинцияларынын бири. Ал жерде кургакчылык менен башка алааматтар дагы көп болот. Аялдардын укуктары таанылбайт, кыздар мектепке барбайт, - провинциянын маселелери өтө көп", - дейт Дайк.

Аны менен катар Иран өкмөтү белужилерди - өкмөттүк саясатка каршы аракеттенген куралдуу топторду колдойт деп да күнөөлөйт жана чындап эле Ирандын армиясы менен коопсуздук күчтөрүнгө каршы көптөгөн аракет көргөн "Жондалла" деген уюмдун жоокерлери провинцияда көп.

Эл аралык кризис тобунун айтымында болсо, эгер Иран менен Пакистандын жетекчилиги белужилерге карата мамилесин өзгөртпөсө, эки мамлекетте тең орчундуу кризис чыгышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG