Сүрөттө: маркум Алишер Саипов
- Шахида айым, сиз маркум Алишер менен чогуу иштеп жүрдүңүз беле?
- Биз акыркы эки жума боюу бирге чогуу жүрдүк. Саясат гезитинин үстүнөн иштедик. Кийин ошол өлтүрүлгөн күнү редакциянын кеңсээсинде алдыдагы жумуштарды сүйлөштүк. Анан мен кеңсээден чыгып Карасууга кеттим. Алишер экөөбүз чогуу барашыбыз керек эле, бирок ал жумуштар менен кармалып кеңсээде калган. Мен Карасууга жеткенде эле аны өлтүрдү деген жаман кабарды уктум. Күбөлөрдүн айтымында, бирөө келип Алишерди бутка атып, анан башка эки мертебе атыптыр.
- Алишердин өлтүрүлүшү тууралуу кесиптештери кандай божомолдорду айтышууда?
- Менимче Алишердин өлтүрүлүшүнө бир эле версия бар. Бул Өзбекстандын атайын кызматтары менен өзбек коопсуздук кызматы тарабынан жасалды деп ойлойм. Болбосо Алишердин душмандары, же бирөөгө карызы жок эле. Алишердин негизги душмандары Өзбекстандын атайын кызматтары менен өзбек коопсуздук кызматы. Ал тирүүсүндө аркамдан бирөөлөр дайыма аңдып жүрүшөт деп айткан. Лекин, биз коопсуздук чараларына көп маани берген жокпуз. Беймарал жүрө бербедикпи.
- Алишер тирүү кезинде өмүрүнө кандайдыр бир коркунуч туудурган жагдайлар бар экенин, өзбекстандын атайын кызматтары аңдып жүргөнү тууралуу айтты беле?
- Айткан. Бир нече жолу айткан. Жазда Өзбекстандын өкмөтүнүн веб-сайттарында Алишерге каршы бир нече макалалар чыккан. Андан кийин сентябрь айынын ортолорунда Наманган телевидениесинде «Саясат» газетасы менен Алишерди каралап, жамандаган материалдарды чыгарышкан. Ошондон улам Алишердин өмүрүнө коркунуч келтирүүгө эскертүү болгон. Ал коопсуздугун ойлобой мына-ана деп жүрө бербедиби. Бир жолу ага кишилер келишти. Бирөөсү Кокондон эле. Алар менен узакка кеп уруп отурду. Алар кеткенден кийин айттым, Алишер кеңсени алмаштыралык, башка батир алып дарегибизди жашыруун кармайлык дедим. Эми бардыгы кеч болуп калды.
- Алишерин кайгылуу өлүмүнөн кийин сиз өз өмүрүңүздөн корккон жоксузбу?
- Азыркы учурда биз бир нерседен коркконго эч бир мүмкүн эмес. Өзбекстандын атайын кызматтары жана өбек улуттук коопсуздук кызматы мына ушундай аракеттер менен өзбек калкын коркутуп-үркүтүү максатын көздөйт. Биз андан коркпошубуз керек. Алла-тааладан коркушубуз керек. Жалгыз башка бир өлүм. Башка эч нерсе жок.
- Ырахмат маегиңизге.