Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

ТҮРКИЯ ИРАКТЫН СУНУШТАРЫН КАБЫЛ АЛГАН ЖОК


Түркия жана Ирак эки өлкөнүн чек ара райондорунда аракеттенген күрд согушкерлерине каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды макулдаша алган жок. Анкара кечээги сүйлөшүүлөрдө Ирак тараптын сунуштарын четке какты. Ал эми Түркиянын аскерий жетекчилиги күрд согушкерлерине каршы Ирактын түндүгүндө жерден аскерий операция жүргүзүү боюнча кандайдыр бир чечим түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын АКШга белгиленген сапарына чейин кабыл алынбасын билдирүүдө. АКШ президенти менен түрк өкмөт башчысы Вашингтондо 5-ноябрда жолугат.

Анкарадагы сүйлөшүүлөргө Ирактан өлкөнүн коргоо министри Абдель Кадер Обейди Мухаммед Жасем баштаган делегация келген болчу. Түркияданболсо тышкы иштер министри Али Бабакан баштаган өкүлдөр катышты. Анын натыйжасыз аякташы Түркиянын Ирактын түндүгүндө күрд согушкерлерине каршы сокку уруу ыктымалдуулугун күчөтүүдө. Сүйлөшүүлөрдө Ирак тарап чек арадагы жагдайды көзөмөлдөө үчүн көп улуттуу күчтөрдү уюштурууну сунуш кылган. Өлкөнүн коргоо министрлигинин маалымат катчысы Мухаммед Аскери мындай дейт:

- Ирак өкмөтү Түркияга Күрд Жумушчу партиясынын коркунучун токтотуу үчүн практикалык жана негиздүү сунуштарды жасады. Алар: эки өлкөнүн чек арасын көзөмөлдөө үчүн көп улуттуу күчтөрдү уюштуруу, экинчиден техникалык жана аскерий маселелерди координациялоо үчүн Ирактын Күрдүстан чөлкөмүндө биргелешкен комитет түзүү.

Анткен менен алар сунуш кылган планды Анкара, түрк тышкы иштер министрлиги белгилегендей, ишке ашыруу узак убакытты талап кылат, ал эми күрд согушкерлерине каршы чара тезинен көрүлүшү керек деген жүйөө менен четке каккан. Өз кезегинде Түркия, вице-премьер Жемил Чичектин айтымында, Ирак өкмөтүнө Күрд жумушчу партиясынын алар өткөрүп алууну көздөгөн жетекчилеринин тизмесин берген. Тизмеде канча адам бар экени белгисиз. СNN –түрк телеканалынын аты аталбаган ирактык расмий өкүлгө шилтеме берип билдиргенине караганда, тизмеде ПККнын 153 мүчөсүнүн ысымы жүрөт.

Ирактын түндүгүндө 3000дей согушкери бар деп эсептелген Күрд жумушчу партиясы - ПКК АКШда, Еврошаркетте да террорчул уюм деп таанылган.

Азыр Түркия Ирак менен чек арасында 100 миңдей аскерин жайгаштырып койгон учуру. Алар буйрук болсо Ирактын түндүк аймагына кирүүгө даяр турат. Түрк парламенти армияга Күрд Жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы Ирактын түндүгүндө операция өткөрүүгө өткөн аптада уруксат берди. Түрк жетекчилери утур-утур бул ирээт көздөгөнүнөн кайтпай турганын айтып жатышат. Президент Абдулла Гүл ушул аптада анын өлкөсү Ирак өкмөтү күрд согушкерлерине чара көрөт деп такай эле күтө албасын эскерткен эле:

- Биз Ирактын биримдигин, аймактык бүтүндүгүн урматтаганыбызга карабай, Түркиянын чыдамы түгөнүп бара жатат жана Ирактын аймагын террордук аракеттер үчүн пайдалануусуна жол бере албайт. Биз бул коркунучту токтотуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө толук ниеттүүбүз.

Бул аралыкта Түркиянын аскерий жана саясий жетекчилери Ирактын түндүк аймагына каршы экономикалык чараларды сунуш кылышты. 21-октябрда күрд согушкерлеринин колунан 12 жоокер мерт болгондон тарта түрк авиациясы күрд согушкерлеринин базаларына маал-маал сокку уруп жатканы менен Ирактын түндүгүндө аларга каршы ыктымал аскерий операция боюнча соңку чечимди премьер- министр Режеп Тайып Эрдогандын АКШджагы визитине соң кабыл алчыдай. Армия 5-ноябрга чейин күтөөрүн жума күнү Генштабдын башчысы Яшар Биюканит ишара кылды. АКШ президенти Жорж Буш менен түркия премьер- министри Режеп Тайып Эрдоган Вашингтондо ушул күнү жолукмакчы.

Кошмо Штаттар болсо Анкараны сабырдуулукка чакырып келүүдө. Ирактын түндүгүндө жайгаштырылган америкалык күчтөрдүн командачысы, генерал–майор Бенжамин Миксон, аларда бул аймакта күрд согушкерлерине каршы күрөшүү жетүрк аскерлерин чөлкөмгө киргизбөө боюнча эч кандай план жок экенин билдирди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG