Бул тууралуу Ирактын автономдуу Күрд регионунун лидери Масуд Барзани билдирди.Түркия Барзаниге Күрд жумушчу партиясынын Иракта аракеттенген согушкерлери менен активисттерин камап, өткөрүп берүүсү үчүн кысым көргөзүүдө. Ирактык күрддөрдүн лидери "ал-Жазира" телеканалындагы интервьюсунда ошондой эле өзү көзөмөлдөгөн аймак коңшу Түркияга кол салуу үчүн пайдаланылышына жол бербесин да белгиледи.