Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

ИРАК : КЕРБАЛАНЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КҮЧТӨРДҮН КОЛУНА ӨТӨТ


Иракта америкалык аскерлер Кербала провинциясын көзөмөлдөөнү жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнө келерки аптада, эң бери дегенде дүйшөмбү күнү өткөрүп берери күтүлүүдө. Бул аралыкта АКШнын бир катар ири шаарларында Ирактагы согушка каршы демонстациялар болду. Көчө жүрүштөрүнө миңдеген адамдар катышты.

Кербала - Ирактын 18 провинциясынын көзөмөл жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнө берилип жаткан сегизинчи провинциясы болот. Бирок, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү америкалык күчтөрдүн командачысы генерал Рик Линчтин айтымында, америкалык аскерлер зарыл учурда ирактык күчтөргө жардам көргөзүү үчүн өз турумдарына кала бермекчи. Провинциянын полиция башчысы, генерал Раид Шакирдин сөзүндө караганда, 10 миңден ашуун коопсуздук күчтөрдү милдети өткөрүп алууга азыр даяр турушат. Багдаддан 80 чакырымдай түштүктө жайгашкан Кербала провинциясы салыштырмалуу тынч аймак катары эсептелет. Ал жерде шийттердин өз ара атаандашкан бир нече топтору бар.

АКШнын президенти Жорж Буш Ирак өкмөтү быйыл ноябрь айына карата өлкөнүн баардык провинцияларында коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууну пландап жатканын январда билдирген эле. Бирок кийин бул мөөнөт Ирактын полиция күчтөрүн даярдоодогу кыйнчылыктар, саясий –экономикалык өзгөрүүлөрдүн жайбаракат жүрүшү, күн сайын орун алып жаткан кыянатчылыктардан улам келери жылдын мартына, андан соң июль айына чейин жылдырылды.

Бул аралыкта АКШнын Нью-Йорк, Лос-Анджелес, Сан-Франциско, Бостон жана башка шаарларында Ирактагы согушка каршы демонстрациялар өттү. Ушул ишемби күнү көчөгө чыккан миңдеген адамдар президент Жор Бушту америкалык аскерлерди мекенине кайтарууга, ал эми Конгрессти Ирак согушун каржылоону токтотууга үндөштү. Нью-Йорк шаарындагы демонстрациянын уюштуруучуларынын бири, Тынчтык аракети деген уюмдун аткаруучу директору Черил Вертз мындай дейт:

- Бул - АКШ армиясы тарабынан мыйзамсыз оккупация, биз муну токтотушубуз зарыл. Бүгүнкү нөшөрлөгөн жамгырда адамдар бул жакка биз Ирактан америкалык аскерлерди алып чыгыш керектигибиз боюнча президент менен Конгресске катуураак айтуу үчүн келишти жана келип жатат.

Айрым демонстранттардын пикиринде салык төлөөчүлөрдүн акчасы согуштун ордуна билим берүү, салматтыкты сактоо өңдүү тармактарга жумшалышы абзел. Нью-Йорктогу көчө жүрүшкө катышкандардын бири Пэт Мэни буларга токтолду:

- Биз аяктаар түрү жок согуш үчүн мындан ары акча коротулушун көргүбүз келбейт. Ар бир кадам сайын алар бизге кырдаал жакшырып жатканын, бардыгы нормалдашып, өз калыбына кайтып жатканын көргөзүүнү улантып келишти. Бирок андай эмес. Биз Саддам Хуссеинден кутулдук, бирок башаламандыктан бөлөк эч нерсе алган жокпуз.

Ал эми Ирактын өзүндө быйылкы жылдын октябры калк арасындагы жоготуу былтыр февралдан бери эң аз катталган учур болору күтүлүүдө. Франс-Пресс агенттиги алган расмий маалыматка караганда, өлкөнүн ички иштер, коргоо, саламаттыкты сактоо министрликтеринин статистикасы ушул айдын башынан бери ар кандай кол салуулардан жөн-жай тургундар менен коопсуздук күчтөрдүн өкүлдөрүн кошкондо 285 ирактык каза тапканын көргөзгөн. Бул - былтыр февралдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Былтыр февралда шийиттердин Самарра шаарындагы ыйык ал-Аскари күмбөзүндө орун алган жардыруу өлкөдө диний негиздеги кыянатчылыктардын жаңы толкунун жараткан болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG