Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

29-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Саякатчы Н. М. Пржевальский 1885-жылдын 29-октябрында Н. М. Пржевальскийдин экспедициясы Кытайдын Аксуу шаарынан чыгып, Бедел ашуусу аркылуу Какшаал тоосунун кыркасын ашкан. Кыргызстанда өткөн 2000-жылдын 29-октябрындагы президенттик шайлоо өлкө кадырына доо кетирген чыр менен жыйынтыкталды.

Кыргызстандын географиясын изилдөөгө айтылуу саякатчы Н. М. Пржевальский зор салым кошкон. Саякатчынын Кытайдан кайткан жолу Кыргызстан аркылуу өтүп, 1885-жылдын 29-октябрында Н. М. Пржевальскийдин экспедициясы Кытайдын Аксуу шаарынан чыгып, Бедел ашуусу аркылуу Какшаал тоосунун кыркасын ашкан. Андан ары экспедициянын багыты Акбел, Жуукучак ашууларынан өтүп, Ысык көл ойдуңуна түшкөн.Кыргызстанда өткөн 2000-жылдын 29-октябрындагы президенттик шайлоо өлкө кадырына доо кетирген чыр менен жыйынтыкталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын 61 статьясындагы президенттик кызматка талапкер мамлекеттик тилди билиш керек, деген көрсөтмөгө таянып Лингвистикалык комиссия курду. Лингвистикалык комиссияга талапкерлердин мамлекеттик тилди билиш деңгээлин сыноо милдети жүктөлгөн. Эл аралык уюмдар айрыкча, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму тил экзамени эл аралык нормаларга жооп бербестигин белгиледи. Кезектеги президенттик шайлоодогу негизги талапкелердин бири-«Ар намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов экзаменге кирүүдөн баш тартты. Ошентип, 19 талапкерден иргелип отуруп 6 адам: А. Акаев, Т. Акунов, А. Атамбаев, Т. Бакир уулу, Ө. Текебаев, М. Эшимкановдор президенттик шайлоо жарышына катышышты. Шайлоо жыйынтыгында А. Акаев 75% дагы бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланды.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин жылдызы жанган саясатчы Феликс Кулов 1948-жылдын 29-октябрында жарык дүйнөгө келген. Феликс Куловдун турмуш жолу укук коргоо органы менен байланышып, коогалаңдуу 1990-жылы Фрунзе шаарынын коменданттык милдетин аткарган. Ал убагында Ички иштер министри, вице-президент, Чүй областынын губернатору, Улуттук коопсуздук министри, Бишкек шаарынын мэри, премьер-министр сыяктуу мамлекеттик кызматтарда иштеди. Мамлекеттик мүлккө көз артты деген күнөөнүн негизинде 2000-жылдан 2005-жылга чейин абакта отуруп чыкты. Азыркы учурда ал «Ар намыс» партиясынын төрагасы.

Айтылуу тарыхчы, археограф, академик Герард Фридрих Миллер 1705-жылдын 29-октябрында жарык дүйнөгө келген. Болочок тарыхчынын киндик каны Вестфалия шаарына таамп, убагында Лейпциг университетин бүтүргөн. Г. Ф. Миллер 1725-жылы Россияга келип, адегенде Санкт_Петербург шаарындагы академиялык гимназияда латын, тарых, география предметтеринен сабак бере баштаган. Академик Миллер Экинчи Камчатка экспедициясына (1733-1743) катышуу маалында Сибирь калктары, анын ичинде энесайлык кыргыздар туурасында баалуу маалымат топтогон. Кийин ал материалдар 1750-жылы жарык көргөн «Сибирь тарыхы» китебинин негизин түзгөн.
XS
SM
MD
LG