Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

“АК ЖОЛ” – “АЛГА КЫРГЫЗСТАНДЫН” ЖОЛОЮНА ТҮШТҮБҮ?


Жалалабаттагы коомчулук арасында президенттин “Ак Жол” партиясы эски бийликти колдогон “Алга Кыргызстан” өңдүү административдик ресурстарды колдонуу менен парламенттик шайлоодо көп орунга жетишет деген ой үстөмдүк кылууда. “Ак Жол” партиясынын өкүлдөрү өз кезегинде “Алга Кыргызстандын” изи менен жүрбөй, элдүүлүгү менен айырмалана тургандыктарын белгилешүүдө.

Президенттин “Ак Жол” партиясына бийликти жактаган жана атка минер адамдар кирүүдө. Ушундай жышаанды ”Ата Мекен” партиясынын облустагы төрага орунбасары Ильич Нарматов баамдап келүүдө. Анын болжолунда президенттин уюмунда карапайым жарандар жокко эсе. Атка минер чиновниктер кошулгандыктан парламенттик шайлоодо “Ак Жолдун” пайдасына административдик ресурс колдонулбайт деген кепилдик жок.

- “Алга Кыргызстан” - “Ак Жол-Кыргызстан". Болгон айырмасы эле баш тамгасы. Ошол “Ак Жол” Кыргызстанды карасаңар бизге окшоп, карапайым калк эмес, бүт чиновниктер отурат. Эртең ошолор эле барат, мага бийлик берип кой, мага тиги кызматты берип кой деп, - дейт Ильич Нарматов.

”Ак Жол” партиясынын жаштарды колдоо убадасына Либералдык партиянын облустагы жаштары да ишенүүдө. Президенттик партиянын биримдикти тутунганы либерал партиянын кошулуусуна өбөлгө түздү, дейт жаш уюмдун төрайымынын орунбасары Майрамбек Адылбеков.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Каныбек Алиев мамлекеттик кызматкерлер каалайбы-каалабайбы “Ак Жолдун” таламын талашууга мажбур деп эсептейт. Таамай көрсөтмө албаса да, алар президенттин кызыкчылыгы үчүн иштээри баамдалууда. “Ак Жол” партиясынын элге кызмат кылаарынан күмөн санаган Алиев өкмөттүк кызматтардын бийлик үчүн кызмат өтөөрүн болжойт.

- Облустук, райондук, бюджеттик кызматкерлерди ишке салат. Жыйынтыгында бир гана президенттин өзүнүн командасынын болуп калышын ойлоп жатат. Ал эми “Ак Жол” элдин кызыкчылыгын ойлогон жок. Бири партиянын үстөмдүгүнөн бара берсе ал бир гана президентке кызмат кылган, анын кызыкчылыгын ойлогон гана партия болот. Элдин эртеңки жашоосун ойлошпойт.

“Ак Жол” партиясы “Алга Кыргызстандын” жолу менен кетпейт жана өз катарын каалоосуна жараша ишкерлер, дарыгер, мугалимдер менен толуктоодо,-дейт аталган партиянын облустагы координатору Чырмаш Дооронов. Ал ”Ак Жол” бийликтин партиясы деген айыптоолорду четке кагуу менен шайлоодо административдик ыкмалар колдонулбайт деген оюн айтты.

- “Ак Жол” партиясынын максаты башка. Эл ойлоп жатат. “Алга, Кыргызстан!” партиясы тууралуу элди массалык түрдө кабыл алат деп. Жок, андай болбойт. Административдик ресурсту биз колдонгон жокпуз жана колдонбойбуз. Кыргызстан өнүксүн, өссүн, жашоо деңгээлди көтөрөлү деген кишилердин баарын бизге кабыл алабыз,- дейт Чырмаш Дооронов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG