Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Э.БАЙСАЛОВ: БИЙЛИК ОППОЗИЦИЯНЫ КОРКУТУУ ЖОЛУНА ӨТТҮ


26-октябрда Торугарт-Бишкек жолунда милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери “Ата Мекен” партиясынын лидерлери түшкөн автоунааны токтотуп, коркутуп-үркүтүүсү бийликтин оппозицияны коркутуп, үшүн алуу аракети, деп билдирди аталган партиянын мүчөсү, экс-депутат Эркин Байсалов. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы уюшкан кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын операция маалында милиция кызматкерлери жаңылыштык менен оппозициячыл саясатчылардын автоунаасын кармашкандыктарын маалымдады.

26-октябрда Нарын шаарында конференция өткөрүшүп, Бишкекке жол тартышкан «Ата Мекен» партиясына бириккен оппозициячыл саясатчылардын унааларын атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери күч колдонуп токтотушкан. Окуяга күбө болгон «Ак шумкар» партиясынын теңтөрагасы Кубатбек Байболовдун жардамчысы Максат аттуу жигиттин айтымында, Нарын шаарында музыкалык драм театрынын жанынан Эркин Байсаловдун «Джип» автоунаасынын мамлекеттик номерин МАИ кызматкерлери чечип алууга аракет кылышкан.

-Биз Нарында турганда МАИ кызматкерлери келип ак «Джиптин» мамлекеттик номерин чечебиз деп аракет кылышкан. Анан алар номерин ала албай, тим коюшкан. Кийин окуя болгондон кийин биз ой жүгүртүп, боолголоп мындай ойго келдик. Ошол Нарындан номерди чечип, машинени номерсиз жолго салып, анан номери жок МАИге токтобогон машинени бандиттер бараткан экен деп аткылайт эле. Эгерде ушундай болуп калган болсо биздин тагдырыбыз азыр кандай болорун кудай өзү билет эле.

Анын божомолунда бул буктурма атайын уюштурулушу мүмкүн. Себеби атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери алдыдагы «Джипти» токтотуп, айдоочусун жана жан сакчыны ур-токмокко алып, асманды карай автоматтан ок чачып, сүр көрсөтүп жаткан маскачандар «арттагы автоунаа менен келип калышкан экс-депутаттар Кубатбек Байболов менен Өмүрбек Текебаевди таанып, жаңылыштык кетиргендиктерин айтып кечирим сурашты, дейт Максат.

-Депутат аксакалдар машинден чыгып келишкенде аларды таанып, милиция кызматкерлери жок жерден отко түшүп калышканын түшүнүштү окшойт. Ошол жерден актанып киршти, «байкелер биз силерди күткөн жок элек, бандиттер келет деп күткөнбүз. Бандиттерди кармап жаттык эле»,- деп актанып киришти.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов учурда Нарын, Ысыккөл облустарында уюшкан кылмыштуулукту жоюу багытында Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалык атайын иш чаралар өткөрүп жатканын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 26-октябрда экс-депутаттардын автунаасы МАИ кызматкерлеринин токтотуу буйругуна баш ийбей кетип баратканда, алды жакта турушкан атайын кызмат тарабынан токтотулган.

Сеитов белгилегендей милиция кызматкерлери экс-депутаттарды көргөндөн кийин, жаңылыштык кетиришкенин сезип, алардан кечирим сурашкан.

Автунаада бараткан экс-депутат Эркин Байсалов бул окуя оппозициялык маанайдагы саясатчыларды коркутуу максатында атайын уюштурулган деп эсептейт.

-Менин оюмча күч структураларынын бизди коркутуш үчүн жасаган иш аракети. Болбосо кетип барткан машинени токтоткондон кийин кимдер баратат, кимдин унаасы деп териштириши керек эле да. Макул, бизди (экс-депутаттарды) көрүп токтоп калышты. Ал эми биздин ордубузда карапайым адамдар болсо, аларды такыр эле тепкилеп сабап салышмак. Адам укугу деген кайда. Бул укук коргоо органдарынын чектен чыккандыгы, оппозицияны бийликтин коркутуу аракети катары бааласак болот.

Окуяга күбө болгон “Ак шумкар” партиясынын тең төрагасы Кубатбек Байболов болсо “бул болуп көрбөгөндөй зөөкүрдүк. Бийликтин коркутуп-үркүтүү аракети”,-деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG