Австралияны тропик алкагында орун алган Дарвин шаарынан Аделейт шаарына бет алган голландиялык жарышчылар бул жолду 33 сааттын ичинде басып өтүштү. Автомобилчилерге күндүн бүркөө болушу кыйла жолтоо болду, анан калса күндүн энергиясы менен жүргөн машинени күн чыккандан күн батканга чейин гана айдоо мүмкүн, караңгыда автомобилисттер танапис кылганга мажбур болушту. Ошентип 3000 чакырым жерди алар 21-нен 25-октябрга чейин, баш аягы 33 сааттын ичинде басып өтүштү. Машиналар биз алдыда айтып өткөн себептерден улам орто эсеп менен 90 чакырым ылдамдык менен жүрүштү.
2007-жылкы жарыштын демилгечиси күндүн энергиясы менен жүргөн эң алгачкы автомобилдин конструктору, голландиялык автомобилист Ханс Тоструп болду. Жарыш жүргүзүлүп келаткан 20 чакты жылдан бери электромобилдер абдан өзгөрдү. Азыр бул башкаруу үчүн кыйла ыңгайлуу болуп калган, сырты күн нурларын аккумуляциялап, электр энергиясына айландырып, электр моторго бере ала турган сан жеткис майда клеткалар менен жабдылган чакан машиналар.
Бирок бул унааларды айдоодо туура тактиканы колдонуу маанилүү. Күн бүркөлүп турган учурда күн нурлары аз болгондуктан моторду батареялардын жардамы менен иштетүү керек, ошон үчүн мында батареяларды "чөктүрүп" ийбес үчүн ылдамдыкты чектөө абзел. Ал эми күн ысык тийген учурда, батареяларга ашыкча энергия топтоп албоо үчүн ылдамдыкты ыкчамдаткан оң. Күн тийбей турган караңгы убакта болсо машине таптакыр жүрө албай калат, анда аны токтотуп, таңдын атышын күтүүгө туура келет.
Жыйынтык: күндүн энергиясы менен жүргөн автомашинелер канагаттандырарлык дэңгээлге жеткиче али бир кыйла жол басуусу керек, мисалы, энергияны аккумуляциялоочу батареяларды түн ичинде жүрүүнү мүмкүн кылуу үчүн технологиялык жактан кыйла оңдоо зарыл.
-Көп адам менен көп жүк ташуу керек болуп турган азыркы заман үчүн алар анчейин деле пайдалуу болбойт. Электр менен иштеген автомашинелерди ыңгайлуу кылуунун жолу азырынча табыла элек,- деген көз карашта британиялык эксперт Марк Бурса.
Айрым адистердин пикиринде жалаң күндүн энергиясы менен жүргөн автомашинелерди өнүктүрүүнүн ордуна, энергиянын аралаш булактары менен жүрө ала турган гибрид автомобилдерди чыгарган пайдалуу. Андай машинелерде бензин жэ газ менен жүргөн мотор менен катар күндүн энергиясы менен иштеген мотор да болот. Бул көмүр кычкыл тегин бөлүп чыгарууну 50 процентке азайтууга жол ачат.
Гибрид мотордуу машинелер Европада чыгарыла баштады. Бензин жэ газ менен жүргөн машиналар улам токтоого мажбур болгон шаар көчөлөрүнө келгенде автоматтык түрдө электр-энергия менен иштеген мотор менен жүрө баштайт. Бул автотыгындары көп шаарларда көмүр кычкыл тегинин бөлүнүп чыгарылышын азайтат. Бирок азырынча андай машинелердин биринде да күндүн энергиясы пайдаланыла элек.
Баян Жумакадыр кызы, Прага