Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

АЗЕРИ БИЙЛИКТЕРИ КОРКУНУЧТУУ ТЕРАКТТЫН АЛДЫН-АЛГАНЫН БИЛДИРИШТИ


Азербайжандын Улуттук коопсуздук министрлиги өлкөдөгү маанилүү обьекттерге жана Батыш мамлекеттеринин элчиликтерине ири кол салуу даярдап жаткан террористтердин планы алдын-ала жокко чыгарылганын билдирди. Аз жерден ишке ашпай калган ал коркунучтуу теракттарды, Азербайжан бийликтеринин айтымында, исламий экстремисттер даярдап жаткан.

Азербайжандын Улуттук коопсуздук министрлигинин басма сөз катчысы Ариф Бабаев дүйшөмбүдө кечинде “Азаттыкка” буларды айтып берди.

- Мамлекеттик обьекттерге, антитеррордук коалицияга мүчө өлкөлөрдүн элчиликтерине террордук чабуул жасоого камданып жаткан кылмыштуу топтун ал ниети таш капты. Топтун бир нече мүчөсү кармалып, кылмыш иши ачылды, алардын калган шериктерин кармоо боюнча оперативдүү иштер жүрүп жатат.

Бабаевдин айтымында, кылмыштуу топтун мүчөлөрүн колго түшүрүү операциясы маалында алардын бири куралдуу каршылык көрсөтүп, кийин өзү окко учуп жан берди жана ал жерде көп сандаган курал-жарак кармалды.

Дүйшөмбү күнү түшкө маал Британиянын Бакудагы элчилиги жабылып, АКШ элчилиги кооптуу эскертүүдөн улам жарандарга көрсөтүлчү кызматтарын чектөөгө аргасыз болгонун жарыялады. Бул тууралуу Америка элчилигинин өкүлү Жонатан Хеник “Азаттыкка” билдирди.

- Элчилик кол салуу коркунучунан улам бүгүн ишмердигин толук аткарган жок. Биз элчиликти жапкан жокпуз, бирок Азербайжан жарандарына виза берүү, АКШ жарандарына кызмат көрсөтүү иштерин убактылуу токтоттук.

Соңку кездери Азербайжандын бийликтери өлкөдө ваххабисттик топтордун ишмердиги активдешип баратканына тынчсыздануусун билдирип, жергиликтүү гезиттер түндүк тараптагы Закатала чөлкөмүндө паранжычан студенттерге окуу жайларга кирүүгө тыюу салынганын кабарлашкан.

1990-жылдардын башында Борбор Азия өлкөлөрүндөгүдөй эле Азербайжанда да Саудилик, Кувейттик, Түркиялык фонддор каражат бөлүп, миңдеген мечит-медреселер курулуп, миссионерлер каптаган. Бир өзгөчөлүк – Азербайжандагы мечиттерде Ирандык имамдар басымдуулук кылат.

Кавказ боюнча айрым эксперттер Бакулук жетекчилер экстремизмдин коркунучуна жамынып алып, өкмөттү сындагандарга каршы куугунтук уюштурушу мүмкүн деген пикирде. Бирок көпчүлүк байкоочулар Азербайжанда исламдын айрым агымдары тамырын кеңири жайды, келечекте саясий күчкө айланышы ажеп эмес деп эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG