СССР чачырагандан кийин Молдова менен Грузиянын курамындагы Днестр жумурияты, Абхазия жана Түштүк Осетия өз эгемендүүлүгүн жарыялап, борбордук бийликке баш ийбей келет. Акыркы жылдарда Косово аймагына эгемендүүлүк берүү маселеси Бириккен Улуттарда талкуулана баштагандыктан, алардын жетекчилери Маскөөнүн колдоосу менен - эгер Косового эгемендүүлүк берилсе, биздин жумурияттар дагы эгемендүү болууга тийиш деп чыккан жана ал маселени өз курамында жашаган эл арасында өтө турган референдумга дагы койгон.
Днестр жумуриятындагы андай референдум 3-ноябрда өтүш керек, Түштүк Осетия болсо аны 12-ноябрда уюштурат. Анын алдында бул эки жумурияттын жетекчилери - Грузиянын курамында өз эгемендүүлүгүн жарыялаган Абхазиянын борбору Сухуми шаарында жолугугууга даярданууда. 30-октябрдан 2-ноябрга чейин Сухумиде "Демократия жана улуттардын укугу үчүн биримдик" деп аталган уюмдун бийик жолугушуусу өткөрүлөт.
Андай Биримдик былтыр июнда түзүлгөн жана ага Абхазия менен Днестр жана Түштүк Осетия жумурияттары кирет. Алар атайын декларация кабыл алып, дүйнөлүк коомчулук тарабынан тааныла элек элдердин эгемендүүлүгү үчүн күрөшүүгө макулдашкан. Ошол эле 2006-жылдын августунда болсо бул үч жумурияттан турган Биримдиктин Парламент аралык ассамблеясы дагы негизделген.
Сухумидеги саммит алдында ошол Ассамблеянын дагы жыйыны болуп өттү жана депутатар 29-октябрда Маскөөдө жолукту. Орус өкмөтү бул таанылбаган жумурияттарга колдоо көрсөтүүдө - Днестр жумуриятынын аймагында эмгиче орус аскерлери бар, Абхазия менен Түштүк Осетиянын калкына болсо Маскөө Орусиянын паспортторун берген.
2014-жылдагы кышкы Олимпиада Орусиянын Сочи шаарында өтөт жана Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварднадзенин пикиринде, дүйнөлүк коомчулук аны бойкоттоого тийиш, анткени Сочи - конфликт аяктай элек Абхазиянын жанында өтүүдө, Абхазияны болсо Орусия басып алган: "Сочи жөнүндө сөз кылсак - ал дээрлик конфликт болуп жаткан аймак. Абхазия менен Түштүк Осетиянын аймактарын болсо Орусия басып алды", - деп билдирди Шеварднадзе 24-октябрда Тбилиси шаарында "Рейтер" агенттигине интервью берип.
Айрым эксперттердин айтымында, үч жумуриятта тең 1990-жылдардын башында куралдуу кагылышуулар чыкканда, алар баары Молдова жана Грузиянын аскерлерин Орусиянын колдоосу менен жеңген. Молдовадагы согуш 1992-жылы чыккан жана эгемендүүлүк жарыялаган Днестр жумуриятынын негизги калкы же орустар, же орус тилинде сүйлөгөндөр. Бирок Молдованын негизги өндүрүш ишканалары дагы ушул Днестр жумуриятында жайгашкан.
Абхазия менен Түштүк Осетия болсо көптөн бери Орусиянын курамына кирүүгө даяр экенин билдирип келет жана 2004-жылы Грузиянын президенти болуп Михаил Саакашвили шайлангандан бери Тбилиси менен бул эки автономия ортосундагы мамилелер туруктуу күчөп баратат. Эки жумуриятка тең Орусия өз бейпилдик күчтөрүн киргизген.
Сухумиде өтө турган бийик жолугушууга үч жумурияттын тышкы иштер министрлери катышат, ноябрдын башында болсо Сухумиге үч президент келээри дагы күтүлүүдө. Саммитке - Азербайжандын курамында өз эгемендүүлүгүн жарыялаган Тоолуу Карабактын өкүлдөрү дагы байкоочу катары чакырылган.