Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:29

ЭКИ ДӨӨНҮН КАРМАШЫ


Эртең «Ата мекен» партиясынын республикалык курултайы өткөнү жатса, бийликчил “Ак жол” партиясынын саясий кеңеши өзүнчө бир жыйын курмакчы. Бийлик “Ак жол” партиясын түзүп, алдыдагы шайлоолордо өзүнчө бир эбегейсиз күчкө айланганы, оппозициядагы белдүү саясатчылар Өмүрбек Текебаев башында турган “Ата мекен” партиясынын туусу алдында биригүүгө аргасыз болушкан эле. Серепчилердин баамында, болочок парламент так ушул эки партиядан куралары эмитеден айкын болуп калды. Бул эки дөөнүн кармашы эмне менен аяктайт, тараза ташы кайда оойт?

«Ата мекен» партиясы бүгүн Бишкек шаардык регионалдык жыйынын өткөрүп, партиянын эртең боло турчу республикалык курултайына даярдык көрүшүп, парламенттик шайлоого катыша турчу талапкерлердин тизмесин такташты. Партиянын тең төрагасы Эркин Алымбековдун айтымында, тизмеге жүздөн ашуун адамдын ысымы кирди. Эми партиянын эртеңки курултайында алдыдагы парламенттик шайлоого, өлкөнүн келечегине байланыштуу негизги маселелер талкууга алынмакчы. Ошол эле убакта бийликтин “Ак жол” партиясынын саясий кеңеши да эртең жыйын өткөргөнү турат. Саясат талдоочулардын баамында, эгер шайлоо бурмалоосуз өтсө, эки жээкте турган бул эки чоң партиянын парламент үчүн болгон кармашта кимиси жеңип чыгарын айтуу кыйын. Бирок, административдик ресурстары колдо турган бийлик, кандай болгон күндө да жеңишти камсыз кылат дешет. “Ата мекен” партиясынын тең төрагасы Эркин Алымбеков, эгер шайлоо учурунда ачыктан-ачык бут тосуулар болсо эл козголуп кетиши мүмкүн деген ойдо:

- Бардык сурамжылоолорду карап көрсөңүздөр биздин «Атамекен» партиясы бардык жерде биринчи орунда келатат. Ошондуктан парламенттеги 90 орундун 45 орунун алууга бизде мүмкүнчүлүк бар. Бирок, бийликтин административдик ресурстарды колдонуп, бут тосо турганын билебиз. Ошол эле убакта элибиздин түшүнүгү көтөрүлүп калды, элдин аңдоо деңгээли жакшы. Айрыкча референдумдун жыйынтыктарын, болуп өткөн бурмалоолорду көргөндөн кийин түкүрүнүп отургандар көп.

26-ноябрда баштала турган шайлоого карата үгүт иштеринде да бийликтин партиясына басым жасалары айтыла баштады. УТРКнын байкоочу кеңешинин бат эле ыдырап кетиши да ушуга байланыштуу дешет. Анткени, анын байкоочу кеңеши таркап кеткендиктен өлкөнүн башкы массалык маалымат каражаты кайрадан түздөн-түз президенттин көзөмүлүндө калды. Ошентсе да оппозициянын айрым мүчөлөрүнүн айтымында, кечээ эле президентти катуу сындап келген мурдагы депутат Мелис Эшимкановдун УТРКнын башына келиши менен абал аз да болсо өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Интербилим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева мындай дейт:

- Гезиттер, теле жана башка маалымат булактары бийликти эле карап калышкан. Бийликке эле сөз берип калышкан. Бирок, УТРКга Мелис Эшимканов келди, ал биринчиден өз элинин патриоту, экинчиден, прогрессивдүү эле адам. Эми баарына эле тең убакыт берет деген үмүт бар.

Ал эми “Ак жол” партиясынын лидерлери жалпы эл арасында бийликтин партиясын колдогондор өтө көп экендигин айтып, шайлоону көздөй ишенимдүү баратышат. Бийлик партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Алишер Мамасалиевдин пикиринде, түздөн-түз буйрук болбосо да айрым чиновниктер бийликке жагынуу максатында партиянын беделине шек келтире турчу иштерди жасап койгон учурлар кездешүүдө. “Ансыз деле бизди колдогондор эл арасында өтө көп болуп атат”,- дейт ал:

- Мен ачык айтып коюшум керек, бүгүн деле региондордо кээ бир чиновниктер туура эмес түшүнүп алып, эскичесинен бүт бардыгын тизип алып партияга айдап атышат. Ал туура эмес. Алар биздин партиянын беделине шек келтирип атышат. Анын кереги жок. Мына, биздин кеңсеге келсеңиздер көрөсүздөр, жөнөкөй эле карапайым элдер өздөрү колдоп келип атышат.

XS
SM
MD
LG