Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

ОППОЗИЦИЯДАГЫ ЭКС-ДЕПУТАТТАР СЫН-ДООМАТТАРДЫН ЖАМГЫРЫНДА КАЛДЫ


Парламент таратылып, кезексиз шайлоо жарыяланаары менен оппозициялык маанайдагы экс- депутаттарга айрым мамлекеттик жана менчик маалымат каражаттарынын сын-дооматы күчөдү. Ал эми шайлоо өнөктүгүнөн колу бошобогон экс-депутаттар аша чапкан сын-дооматтарга жооп берүүгө чолоосу тийбей жатат.

“Ак шумкар” партиясынын лидери, экс- депутат Кубатбек Байболовдун пикиринде шайлоо өнөктүгүнүн алдында “бөрк ал десе баш алган” мамлекеттик жана жеке менчик айрым маалымат каражаттары оппозициялык маанайдагы экс-депутаттарды массалык башаламандыктарды уюштурууга аракет кылышкан деп айыптап жатышат.

Экс-депутат Мелис Эшимкановду Улуттук телерадио корпорациясы учурунда далай жолу бир жактуу сынга алып келген. УТРКга баш деректирдин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Мелис Эшимканов мындай сын пикир үчүн терикпей, бийликтин камчысын чапкан журналистерди куугунтукка албастыгын, бийлик менен оппозицияга бирдей эфир берилээрин билдирди.

“Жаңы ордо” гезити саны сайын экс-депутат Өмүрбек Текебаевди сынга алуудан тажабай келатат. Жакынкы эле санында “Темир жана анын командасы” деп парламенттин алдында оппозициялык маанайдагы депутаттарды олтургузуп, “Акыркы жолу сүрөткө түшүп алалы”, “Ак жол” деген Бакиевдин партиясына кошулуп албайлыбы? Мен өз партиямдан отуз адамды алып келе албасам теке болбой калайын..." деген сыяктуу шылдың сөздөрдү жарыялаган.

“Жаңы ордо” гезити 26-октябрдагы санында дагы “Акаевдик парламент тарады” деп “казактар” деген айтылуу шедевр сүрөткө депутаттардын башын чаптап шылтыңдап чыгарды.

“Жаңы ордо” гезитинин кызматкери Шекербек Калыковдун пикиринде, айрым экс-депутаттарга кылмыш иши козголуп, коомдук тартипти бузууга, төңкөрүш жасоого аракет кылган деген айып тагылышы керек.

26-октябрда “Бишкек таймс” гезити да оппозициялык маанайдагы партияларды, экс-депутаттары чымчып, партияларды парадга тизген. Мына ушундай маанайдагы макалалар “Жаңы кылым”, “Жаңырык апта” жумалыктарында дагы орун алган.

Улуттук телерадио корпорациясы өткөн жумадагы көрсөтүүлөрүндө “айрым депутаттар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып эки жарым жылдын ичинде мыйзамсыз байлык топтоп алганга үлгүрүшкөн” деп доомат айтты. Алардын маалыматы боюнча айрым экс-депутаттар 4-5 кабат үйлөрдү салып, кафе-ресторандарды куруп алышкан.

Мисалы, экс- депутат Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарына 4 кабат имарат куруп бүтүп, АТФ Кыргызстан банкына ижарага берген. Ошондой эле баш калаанын борбордук аянтынын жээгиндеги “Дубовый парк” кафесинин ээси да Өмүрбек Текебаев экенин Улуттук телерадио корпорациясы жана 5- канал маалымдашты.

Шайлоо өнөктүгү менен алагды болуп жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев мындай маалыматтарга жооп кылууга убактысы жоктугун, эч кандай актанып, сотко дагы кайрылбастыгын билдирип, анын ишмердигине эл гана баа берээрин айтты.

Парламентти сынга алып, аларга доомат коюуну октябрь айынын ортосунда президент Курманбек Бакиев өзү биринчи баштаган. Ал Жогорку Кеңешти таратуу жарлыгын жарыялап жатып, депутаттарды мыйзам чыгаруудан алаксып, өз бизнестерин же туугандарынын ишкерлигин өнүктүрүүгө көбүрөөк басым жасаган деп баса белгилеген.

“Ак шумкар” партиясынын лидери, экс-депутат Кубатбек Байболовдун айтымында, бийлик маалымат каражаттары аркылуу жамандамак тургай курал менен коркуткандан дагы кайра тартпай турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG