Ислам менен Батыш ортосундагы мамиле, Батыш өлкөлөрүндө жашаган ислам жамаатынын коомдон бөлңүнбөй, түпкүлүктүү калктын маданиятын өздөштүрүп, аны менен камыр- жумур жашоосу 2001- жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттардын шаарларына жасалган террордук чабуулдардан кийин өтө актуалдуу темага айланды. 11-cентябрь кыйраканы Осама бин Ладен сыяктуу исламды туу көтөргөн террорчулардан эларалык коомчулук коргонбосо, алар дүйнөнү астын- үстүн кылып, адамзатка бүлүк салуудан баш тартпасын айкын көрсөттү. Же, American Enterprise институтунун илимпоз- талдоочусу Себестьян Горька айткандай, бин Ладен мурдакы аңгезердей чоң Советтер союзу жасай албаган кыяматты бир нече мүнөттүн ичинде жасаганга үлгүрдү:
-Бин Ладен Советтер Союзу миллиарддаган рубль акчасы, санаксыз танктары жана артиллериялык куралдары, бомбалары менен эч качан жетпеген нерсеге жетти. Ал бир нече мүнөттүн ичинде Американын өз жеринде 3 миң адамды кырып салды.
Бул өңдүү террорчулуктан коргоонуу үчүн, АКШнын Чехиядагы элчиси Ричард Грэйбердин сөзүнө караганда, адамзат бөлүшпөй биригүүсү шарт:
- Бүгүн дүйнө элинин улуту, расасы, дини боюнча бөлүнбөй бириккени, Батыш менен Ислам өз баалуулуктарын бөлүшүп- бөлүшпөгөнүнө, ортодо ар кандай проблемалар болгонуна карабай, биз өз ара сүйлөшүүгө баруусу абдан маанилүү.
Чехиянын премьер-министринин Европа иштери боюнча орун басары Александр Вондра дүйнө азыр жанкечти- террорчулардын же капылет атылган ракетадан күлү асманга сапырылып, ойрон болчу бечара кейпинде экенине көңүл бурду:
- Цивилизация түркүн желдеттердин, ракеталардын чабуулунан кыйрап калгыдай абалда турат. Бирок, цивилизация өзүн коргоо үчүн өз ара диалогго барууга, жанын курмандыкка чалууга, өз өмүрүн берүүгө жарамсыз. Цивилизация- бул чакырыкка каршы тура алабызбы? Бүгүнкү күндүн үлкөн маселеси ушул.