Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:24

ТЕРРОРГО КАРШЫ КҮРӨШ ЖАНА БАТЫШ ИДЕОЛОГИЯСЫ


Шейшемби күнү “Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун Прагадагы башкеңсесинде “Бизди эмне бириктирип турат жана эмне бөлөт?” деген темадагы эл аралык конференция өттү. Анда негизинен 2001-жылдын 11 –сентябрындагы АКШдагы террордук чабуулдардан кийин Ислам өлкөлөрү менен Батыш ортосундагы пайда болгон өз ара ишенбөөчүлүктөн чыгуунун жолдору талкууланды. Докладчылардын пикиринде, Ислам жана Батыш бирин бири түшүнүүсү үчүн өз ара диалог өзгөчө зарыл.

Ислам өлкөлөрүнөн Батыш Европага келип, жашап калган мигранттар менен түпкүлүктүү эл арасындагы карама- каршылыктар соңку жылдары өзгөчө оркоюп көрүнө баштаганына көпчүлүк докладчылар көңүл бурушту. Андай карама- каршылыкка келгиндердин жамаатка бөлүнүп жашоосу, жаңы жайда өз өлкөсүндөгү үрп- адаттарды сактап, Батыш маданиятын кабыл албоосу түрткү болууда. Мисалы, Францияда мусулман үй- бүлөлөр шариятка туура келбейт деп, кыз балдарды биология, дене тарбия сабактарына катыштырбай койгон, атурсун окуучулардын Вольтер сыяктуу улуу философдун китептерин окуудан баш тарткан учурлар бар экенине париждик илимпоз Зденек Мюллер токтолду:

- Диний жөрөлгөлөр радикалдашып баратат. Кээ бир мусулман жаштары Вольтер же башка ойчул- философдорду динге каршы болушкан дешип, адабият сабагын же алардын китептерин окуудан баш тарткан фактылар бар.

Айрым эксперттер, алардын ичинде Брюcселдеги Европа демократия фондунун улук изилдөөчүсү Александр Ритцманн терроризмди ислам менен чаташтырбоого чакырды. Ритцманн терроризмге каршы күрөшкө катар Батыш өлкөлөрү өз баалуулуктарын да коргой билүүсү абзел деген пикирде:

- Биз терроризмге каршы күрөшүү менен бирге өз идеологиябызды, либерлдык демократиянын дөөлөттөрүн, эркиндиктин маанисин, эмне үчүн күрөшүп жатканыбызды, эркин коомдо жашаган шарият боюнча жашагандан артык экенин түшүндүрө билүүбүз абзел. Терроризмге аскерий сокуу уруу, полиция жана чалгындоо кызматы маанилүү. Бирок, идеологиялык күрөш узак мөөнөттүк иш.

Чехиянын вице- премьери Александр Вондра Ислам өлкөлөрү менен Батыш үчүн Түркиянын стратегиялык мааниси өтө зор экенин баса белгилөө менен, “Батыш менен Түркиянын байланышы болочокто Ислам дүйнөсү менен болчу кызматташуу үчүн үлгү боло алат” деди:

-Түркия акыркы 50 жылда Батыштын жана НАТОнун ишенимдүү өнөктөшү болду. Андыктан, Түркияны Евробримдиктен сыртта кармоо Босфор менен Дарданелден, акыркы жарым кылымдагы деңиз кызматташуусунан жана достуктан баш тартуу болот.

Батыш менен Ислам өлкөлөрү арасындагы диалогго арналган конференцияны “Азаттык” радиосу Чехиянын жарандык институ, Германиянын Аденауер фонду жана Прагадагы Америка маданий борбору менен чогуу өткөрдү.

XS
SM
MD
LG