Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: «АТА МЕКЕН» МЕНЕН «АК ШУМКАР» ШАЙЛООГО ЭРИШ-АРКАК БАРАТ


Бүгүн “Ата Мекен” партиясы Бишкекте республикалык курултайын өткөргөн жатат. “Азаттыктын” таңкы уктурууларында “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев чыгып сүйлөдү.

- “Ата Мекен” партиясы бүгүн жалпы республикалык курултайын өткөрөөрү маалымдалган. Менимче жакындап келе жаткан парламенттик шайлоого баруу маселеси күн тартибинин башына чыгарылса керек.

- Бүгүн боло турган VII курултайда экинчи маселе бул партиялык тизмени жылдыруу болот.

- Сиздердин партия парламенттик шайлоого “Ак Шумкар” саясий партиясы менен чогуу барып жатпайбы. Талапкерлердин тизмесин түзүү кандайча негизде жүргүзүлөт?

- Талапкерлердин тизмесин түзүү паритеттик негизде 50-50 деген принцип менен жүргүзүлүп жатат. Ар бир тарап өзүнүн кандидатурасын жылдырат. Ошентип, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын желегинин астында бирдиктүү тизме менен чыгабыз. Ал бирдиктүү тизменин жарымын “Ак Шумкар”, жарымын “Ата Мекен” партиясынын талапкерлери түзөт.

- Бүгүнкү курултайда өлкөнүн саясий экономикалык кырдаалы дагы талкууланат дейт. Ал боюнча да кыскача айтып кетсеңиз?

- Бүгүн саясий экономикалык оор кырдаал жаралды. Бул биринчи кезекте президенттин жоопкерсиздик аракеттеринен болду. Ал Конституциялык соттун чечими, андан кийинки референдум менен Конституцияны кабыл алуу жана кезексиз шайлоолорду дайындоо, ушунун кесепетинен азык-түлүк маселесинин андан ары курчушу болду. Кийинки жылга айыл чарбасынын жана башка экономикалык тармактарын даярдоого реалдуу чаралар көрүлбөгөндүгү ушуга алып келди.

- Он күн мурда болуп өткөн жалпы элдик референдумдун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн коомдук уюмдар парламенттик шайлоо дагы бурмалануу менен өтөт деген божомолдорун айтып жатышат. Сиз кандай ойлойсуз бийлик негизги атаандашы болуп саналаган партиялардын талапкерлерин өткөрбөөгө канчалык аракет кылат?

- Бийлик сөзсүз өзүнүн пайдасына иштегенге аракет кылат. Аракет кылып иштей баштады. Улуттук Мамлекеттик телерадиокомпаниясы жана башка мамлекеттик башка уюмдар бир партиянын пайдасына азыртан эле мыйзамсыз түрдө үгүт иштерин жүргүзүп жатат. Мыйзамга тыюу салганга карабастан президент өзү баш болуп, эки күн мурун борбордук аянтта “Ак Жол” партиясынын атынан чоң концерт берип, үгүттөчү баракчаларды таратып берди. Мунун өзү мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет. Биз “Ата Мекен” социалисттик партиясы мыйзамды сактап, шайлоо жарыяланган күндөн баштап ар кандай үгүт иштерин токтотконбуз.

Ошондуктан мунун өзү бийлик темасы бизге каршы иштейт. Сот, прокуратура, милиция, акимчилик жана башка мамлекеттик органдар “Ата Мекен” социалисттик партиясына жана башка политикалык маанайдагы партияларга мыйзамсыз түрдө каршы иштейт деп ишенебиз.

- Улуттук телерадиокомпаниясы тууралуу сөз болуп кетти. Ал компанияга жакында эле кечээки сиздердин үзөңгүлөш оппозиционер Мелис Эшимканов жетекчи болуп шайланды. Бирок, Мелис Эшимкановдун ал орунга келиши менен КТР өзүнүн позициясын өзгөртөт деген ишенич барбы?

- Муну жакынкы мезгил көрсөтөт. Бир адамдын өзгөртүп жибериши өтө кыйын болуш керек. Анткени, Эшимканов ал жерде көз каранды эмес директор эмес. Аны мыйзам боюнча дайындай турган Байкоочулар Кеңеши тарап кетип, Мелис Эшимканов президент тарабынан убактылуу дайындалды. Мына, ушунун өзү президенттен көз каранды кылып койду.

- Маегиңизге ырaхмат.

XS
SM
MD
LG