Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:12

ТОЛЬЯТТИДЕ АВТОБУС ЖАРДЫРЫЛДЫ


Орусиянын Тольятти шаарында автобуста бүгүн эртең менен болгон жарылуудан кеминде сегиз адам өлүп, дагы элүүгө жакыны жаракат алды. Маалыматтарга караганда, бул жардыруу террордук акт катары иликтенүүдө. Жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын айтымында, жардырылган заттын күчү бир килограмм тротилге жакын болгон. Жардыруучу затты автобуска жүргүнчүлөрдүн бири алып кириши ыктымал.

Москвадан 1000 чакырымдай түштүк –чыгышта жайгашкан Тольятти шаары -Орусиянын автомобиль чыгаруучу АвтоВаз ишканасынын мекени. Шаарда кылмыштуу топтордун ич ара уруштары такай орун алып келген.

Анткен менен орус расмий өкүлдөрү азыркы жардыруу терракт болушу мүмкүн экенин да белгилеп жатышат. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун орус кызматынын Тольяттидеги кабарчысы Сергей Хазов окуя болгон жерден буларды маалымдады:

- Тольяттинин жандуу жол кесилиштеринин биринде, Карл Маркс жана Юрий Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 7ден 17 минут өткөндө жүргүнчү автобуста жарылуу болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Тольятти шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери билдиргендей, автобус жарылуу учурунда кадимки, 2- каттамды аткарып жаткан. Жарылуу болгон жерде азыр прокуратуранын жана федералдык коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү иштөөдө.

Адистер азыр жарылуунун себептерин аныктоого аракеттенип жатышат. Итар – Тасс агенттигинин маалыматына караганда, жардыруунун күчү 1 килограм тротилге жеткен, бул - бир нече кол гранатанын кубаты. Окуя болгон жерде иштеп жаткан эксперттердин бири Адольф Мишуев "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун орус кызматына буларды айтты:

-Бул чындыкка жакын. Ал жерде эң көп дегенде 2, 2,1 килограм , эң аз дегенде 1, - 1,5 килограм тротил болушу мүмкүн.

Жардыруунун максаты да азырынча беймаалым. Тольятти курамына кирген Самара облусунун губернатору Владимир Артяков башкы версия – террордук акт экенин белгиледи. Бирок эксперттер мындан башка жүйөөлөрдү да айтышууда. Орусия бомба жардырууларын, уурдоолорду жүргүзүп келген чечен согушкерлери менен бир нече жылдан бери кармашып жатканы менен Тольятти мафиянын өкүлдөрү өз ара эсептешүүлөрүн ишке ашыруучу аймак катары да саналчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG