«Ата мекен» партиясы курултайын Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов жана Түгөлбай Казаковдун сөзүнө жазылган «Ата мекен» аттуу өлкө гимнинин жаңы варианты менен баштады. Байкоочулардын баамында, бириккен оппозиция мунусу менен өлкө гимнинен тарта бардыгын өзгөртүүгө багыт алган шекилдүү. Партия лидери Өмүрбек Текебаев, бийлик атайылап оппозициядагы саясий күчтөр биригип кетпеши үчүн референдум аркылуу баш мыйзамды каалашынча өзгөрткөнүн, партиялардын өз ара бир «блок» түзүшүнө бут тосконун, ага карабай оппозиция лидерлери жеке амбицияларын таштап, «Ата мекен» партиясынын туусу алдында биригишкенин, ошентип бийликтин андай оюу ишке ашпай калганын кенен баяндады:
- Биз өзүбүздү оппозициялык бирдиктүү күч деп жарыяладык. Бул – бийликке баруучу алыс жол. Биз бийликке баргыбыз келсе башка, кошоматчылыктын, эки жүздүүлүктүн турумун, саясатын жактамакпыз. Демек, биздин негизги турум бийликке умтулуу, баруу эмес, жашоонун жаңы образын тандап алуунун туруму.
“Ата мекен” партиясы менен бириккен “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Кубатбек Байболов болсо, карапайым эл бийликке да, оппозицияга да ишенбей чүнчүп бүткөнүн, ошол себептүү алар алдыдагы чечүүчү, акыркы кармашка чыгышканын айтты:
- Карапайым адамдар кайдыгер болуп атышат. Аларды биз күнөөлөй албайбыз. Алар күнүгө «баламды кантип мектепке жиберем, батинкесин кантип алып берем, шаардагы балама кайдан акча жөнөтөм»,- деп, бечаралар күнүмдүк турмуштан өздө баш көтөрө албай калышты. Бирок, ошентсе дагы, оор режимге дуушар болуу коркунучу алдында биз, менин оюмча, акыркы салгылашууга баратабыз.
Ал арада “Ак жол” партиясынын саясий кеңеши да өз ара чогулуп, алдыдагы маанилүү кармаш тууралуу кеңешишкени кабарланды. Президенттин батасы менен түзүлгөн бийликтин “Ак жол” партиясы өз курултайын 10-ноябрда өткөрмөкчү. Ал эми “Ата мекен” партиясынын курултайына байкоо салганы келген Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, оппозициянын биригип, чоң күч болгону мамлекет үчүн эле пайдалуу, бирок, алардын катарында А.Акаевдин айдагында жүргөндөдүн пайда болгону ойлондурбай койбойт:
- Бириккениңер өзүңөрдүн саясий чечимиңер. Оппозициянын күчтүү болгону мамлекет үчүн эле пайдалуу. Бирок, мен оппозицияга, “Ата мекенге” таза адамдар келсе деп ойлойм. Анткени, оппозицияга ошол А.Акаевдин тушунда жүргөн адамдар, ошондо Турсунбек Акун, Азиза Абдрасуловалар камалып, сабалып, уурдалып жүргөндө бийликтин катарында жүргөндөр оппозицияга кирип кеткен жактары бар.