Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

ШАЙЛООДО БИЙЛИК КҮЧКӨ САЛСА, ЧОҢ ЧЫР ЧЫГЫШЫ ЫКТЫМАЛ


16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоо административдик ресурсту колдонуу жана мыйзам бузуулар менен коштолоорун Жалалабаттагы оппозициячыл маанайдагы адамдар болжошууда. Алардын баамында шайлоодо көз боёмочулук болсо, мурункудай бир депутаттын эмес, партиялардын бүт республикадагы жактоочулары нааразылык билдириши ыктымал. “Ак Жол” партиясынын областтагы өкүлдөрү өз кезегинде президенттин партиясынын жеңиши үчүн административдик ресурс иштетилбейт деп ишендирүүдө.

Декабрь айында болчу парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өтөөрүн “Ата Мекен” партиясынын облустагы мүчөлөрү болжошууда. Мурда Ноокен районунда аким болуп иштеп, эми партиянын аталган аймактагы координатору Советали Сеиткуловдун саясатчыларын божомолуна таянып айткан сөзү боюнча шайлоо “Ак Жол” партиясынын диктатурасы менен өтүп, адам укуктары бузулат. Административдик ресурстар колдонулган учурда өткөн шайлоолордо бир округдун шайлоочулары нааразылык акцияларын өткөрүп келген болсо, эмки шайлоодо мыйзам бузулса, тигил-же бул партиянын бүтүндөй республикадагы жамааты массалык акцияларга чыгуусу ыктымал.

- Бийлик административдик ресурсун колдонбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Кыскасы адилетсиздик бул жөнөкөй адамдардын укуктарынын тебеленүүсү бул чоң чырдын башына алып келиши мүмкүн,- дейт Советали Сейиткулов.

Шайлоо адилетсиз иш-аракеттер менен коштолоорун “Ата Мекен” партиясынын Базаркоргон районундагы мүчөсү Зор Калпа уулу да сезүүдө. Анын айтымында, коомчулук арасында “Ак Жол” партиясынын пайдасы үчүн азыртан эле камкордук көрүлүп, коркутуп-үркүтүүлөр болууда. Шайлоочулар зордук-зомбулуктан кутулуу үчүн президенттин партиясына добуш берүүгө аргасыз болот.

- Административдик ресурс өтө катуу иштеп жатат. Мамлекеттик унааларын, милициясын жөнөтүп жатат. Жолдон кармап алып коркутуп жатышат, - деди Зор Калпа уулу.

Шайлоочуларды өз тарабына тартуу тууралу “Ак Жол” партиясы облустагы мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлерине же жергиликтүү бийликтерге көрсөтмө берүүдөн алыс. Парламенттик таймаш учурунда административдик ресурстарды колдонууну президенттин партиясы деле жактабайт. “Ак Жол” партиясынын облустагы координатору Чырмаш Доороновдун жогоркудай жообуна ылайык партияга мамлекеттик кызматкерлер эмес, элге кадыры сиңген катардагы жарандар жана аз сандуу улуттардын өкүлдөрү кабыл алынууда.

- Эгерде биз “Алга, Кыргызстан!” партиясына окшоп мажбурласак, анда эл тескери ойлоп калышы мүмкүн. Административдик ресурсту биз колдонгон жокпуз жана колдонбойбуз. Элдин ыктыяры менен жаңы парламентке жакшы адамдарды шайлап алсак, мен ойлойм баардыгы жакшы болот деп,- дейт Чырмаш Дооронов.

Шайлоонун айынан массалык баш аламандыктар болбоосу үчүн бийлик “Ак Жол” партиясына жасакерлик кылбоосу абзел. Башка партияларга кысым көрсөтүлүп, шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп, жасалмалуулук менен өтө турган болсо, Жалалабат шаар тургуну Анаркан Жаңыбаева болжогондой, бийликтин отставкасын шарттаган эки жыл мурдагы март ыңкылабы кайталанып кетүүсү ажеп эмес.

- Эгерде Курманбек Салиевич баштаган “Ак Жол” партиясына бийлик жасакерчиликти жасап, шайлоо участкаларына бардык жерде бюллетендер фальсификация болуп 50-60 пайыз ушул партияга добуш берди деп кете турган болсо, анда 2005-жылдагы март ыңкылабы кайталанып калышы мүмкүн,- дейт Жалалабат шаарынын тургуну Анаркан Жаңыбаева.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG