Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТАБЫ?


Бишкекте бүгүн Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына байланышкан чукул жыйын өттү. «Жарандар коррупцияга каршы», «Кылым шамы» укук коргоо борборлору жана «Журналист» коомдук бирикмеси баштаган уюмдар уюштурган бул жыйында учурда өлкөдө сөз эркиндиги кооптуу абалда экени айтылды. Ошондой эле журналист Алишер Саиповдун атып өлтүрүлүшү буга далил экени белгиленип, анын өлүмүнө байланышкан тергөө иштерин калыс жүргүзүү талабы коюлду.

Жыйында Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучта экени айтылып, журналисттик кесип өлкөдө акыркы убакта кооптуу болуп калганы, ага соңку жылда эле ондон ашуун журналистке кол салуу фактысы катталганы, акыркысы журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлүшү далил экени жана ал кылмыштардын биринин да бети ачылбаганы белгиленди.

Медиа өкүл институтунун аткаруучу директору Илим Карыпбековдун баамында, ушундай жагдайлар жана түрдүү басым-кысымдар сөз эркиндигин жокко чыгарууга багытталгандай таасир калтырат:

- Барган сайын Кыргызстанда сөз эркиндиги өсүп-өнүгүп атат деп айтыштан уяла баштадык. Азыр басым көрсөтүүлөр, мыйзам бузуулар жана админстративдик чара колдонуулардын баары сөз эркиндигин жокко чыгарууга багыт алгандай сезилип атат. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу журналистти өлтүрүү фактысы катталды. Бул мамлекеттин сөз эркиндигине болгон саясатынын жоктугу жана укук коргоо органдарынын бул маселеге кайсы бир деңгээлде кайдыгер карашын көрсөтүп, анын кесепетинен сөз эркиндигине басым жасалууда деп айтсак болот.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова да өлкөдө сөз эркиндиги кооптуу абалга келгенин белгилейт:

- Сөз эркиндигине байланышкан абал оор азыр. Экинчиден репрессивдик режим болуп калды. Ошон үчүн укук коргоо органдарына реформа жасаш керек деп айтып атабыз. Алишер Саиповдун өлүмүн көз карандысыз тергөө аркылуу ачыш керек. Тахир Юлдашев же криминал, же президент менен жолугушабы ал анын журналисттик иши болгон…

Бул жыйындын алдында, кечээ ички иштер министрлиги журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланышкан иликтөөлөрдүн алгачкы жыйынтыгын жарыялап, анда маркум Өзбекстандын оппозициялык партиясынын жана тыйуу салынган диний экстремисттик-террорчу уюмдардын жетекчилери менен тыгыз байланышта болгону аныкталганы айтылган.

- Алишер Саипов Өзбекстандын оппозициялык «Эрк» партиясынын лидери Мухаммед Салих менен өтө жакын мамиледе болгону, ошондой эле Өзбекстан Ислам кыймылынын лидери Тахир Юлдашев жана тыюу салынган диний-экстремисттик «Хизб-ут Тахрир» уюмунун жетекчилери менен тыгыз байланышта болгону аныкталды. Өздүк компьютеринен «Хизб ут Тахрирдин» иш-аракети, максаты тууралуу да бир канча маалыматтар табылган. Ошондой эле Анжиян окуясын уюштурган делген Кабул Парпиевди үйүнө жашырып, кийин Казакстанга жөнөтүп жибергени да аныкталып отурат. Сайиповдун өлүмү боюнча азыр бир катар божомолдор иликтенүүдө.

Бул тууралуу «Азаттыкка» айткан ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов божомолдордун негизгилери анын журналисттик ишмердигине байланыштуу экенин, аталган партия жана кыймылдардын лидерлери менен мамилесине байланышкан жагдайлар да эске алынып жатканын белгиледи.

ИИМдин мындай маалыматы бүгүнкү жыйындын катышуучуларынын арасында тынчсыздануу жаратып, журналист ишине байланыштуу ким менен болсо да байланышууга милдеттүү экени белгиленди. Коомдук ишмер Эдил Байсалов муну маркум журналистти жаман көрсөтүү катары баалайт.

- Журналист кесиптик милдетин аткарууда кимден гана интервью албайт, кимдер менен гана байланышпайт. Мен бул тергөөнүн жүрүшүн толук колдобойм. Менимче, булар оңой жол менен маркум журналистти кайра жаман көрсөтүп, абийирин кетирип жатышы туура эмес. Биздин оюбузча, азыр сөз эркиндиги коркунучта. Журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуудан мурда да моралдык жана саясий жактан укук коргоо органдарынын мамилесин өзгөртүшүбүз керек.

Жыйын соңунда өлкө башчысынын наамына кайрылуу кабыл алынды. Анда өлкөдө сөз эркиндигине жана демократиялык негиздерге кооптуу кырдаал түзүлгөнү белгиленип, президентке конституциянын кепили катары өлкөдө авторитаризмдин жана мыйзамсыздыктан орношуна жол бербөө чакырыгы ташталды.

Ошол эле учурда бүгүнкү жыйынга катышкан адам укуктары боюнча президент карамагындагы комиссия төрагасы Турсунбек Акун өлкөдө авторитардык режим орноодо деген пикирлерге макул эмес:

- Авторитардык режим орноду деген туура эмес. Кыргызстанда жаманбы-жакшыбы демократия бар. Акаевдин убагында авторитардык режим болгон, аны демонтаж кылып, демократиялык режимге өтүп баратабыз.

Турсунбек Акун ошондой эле бул жыйындын өтүшү Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу тергөө иштерине жакшы түрткү берээрин жана жыйында кабыл алынган чечимдерди өлкө башчысына жеткирээрин билдирди.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG