Белгилүү доктор Жеңишбек Назаралиев «Асаба» Улуттук кайра жаралуу партиясына өткөндүгүн бүгүн жарыялады. Ал партиялык тизмеде биринчи турарын, парламенттик шайлоодо татыктуу ат салышарын билдирди. Доктор 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга баа берип, аны ыңкылап эмес, мамлекеттик төңкөрүш катары эсептерин, азыркы бийлик элге берген убадасын аткарбай, мурдагы бийликтен айырмасы жок болуп калганын белгиледи.Назаралиев ошондой эле Баш мыйзамдын жана Шайлоо Кодексинин жаңы редакциялары боюнча өткөрүлгөн референдум 90 пайыздан ашуун фальсификация менен өттү деп сындап, бийликти парламенттик шайлоодо эл добушун бурмалоодон алыс болууга чакырды. «Мен ойлоп турам, парламенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулат. Эң жаман жери булар фальсификацияны колунан келишинче кылышат. Ошондуктан мен аларга кайрыларым, акыл-эс менен жүрүш керек. Аз да болсо элибизди сыйлап жүрүш керек,»-деп баса белгиледи Ж. Назаралиев.