Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

15:29 Кыргызстанда 5-10 ноябрь күндөрү “Витаминдештирүү жумалыгы” өткөрүлөт


Иш-чаранын алкагында “А” витамини менен алты айдан төрт жашка чейинки наристелер жана жаңы төрөгөн энелер акысыз камсыздалат. Өлкөдө витаминдештирүү 2004-жылдан бери 6 айда бир жолу жүргүзүлүп келет. ЮНИСЕФ тарабынан каржыланган мындай акциялар “А” витамини менен азык-түлүк (шекер, суу май ж.б.) продуктулары массалык түрдө байытыла баштамайынча улантыла берет. “А” витамининин жетишсиздигинен улам 1997-2003-жж. ымыркайлардын өлүмү көбөйгөнү байкалган. Организм бул витамин менен жетиштүү камсыздалбай калса, аз кандуулук, богок оорусу пайда болуп, балдардын жалпы өсүп-өнүгүшү кечеңдеши мүмкүн. (JTo)

XS
SM
MD
LG