Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

АКШнын АБРОЙУН ЖАКШЫРТУУНУ ТЕЙЛЕГЕН КАРЕН ХЬЮЗ ИШТЕН КЕТЕТ


Кошмо Штаттарында президент Буштун коомдук дипломатиясын тейлеген Карен Хьюз кызматынан кетип жаткандыгын жарыялады. АКШнын дүйнөдөгү имиджин жакшыртуу милдетин аркалаган мурдагы теле-карбачынын кетишине эмне себеп?

Хьюз ар дайым коомдук дипломатия бул АКШны башка өлкөлөргө жакшы көрсөтүү эмес, фактылар аркылуу ар кимге өзү жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү деп айтып келген. Былтыр Азаттыктын Прагадагы штаб-квартирасында болгондо да ал ушуга токтолгон:

– Ар ким өзү чечим кабыл алышын каалайм. Бул экстремисттердин мамилесинен таптакыр бөлөк. Экстремисттердин дүйнөгө көз карашы өтө кууш, катаң келет. Ар кимдин өзү чечим кабыл алышы өтө маанилүү, айрыкча жаштар өздөрү бир нерсени билип, өздөрү чечим кабыл алгысы келет. Алар ар кыл жаңылык, кабарларды уккусу келет.

Бирок ушул жайда, мындан төрт ай мурда Хьюз үчүн оор жаңылык белгилүү болду. 47 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоо Кошмо Штаттарына каршы тескери мамиле күчтүү бойдон кала берип жатканыгын көрсөттү. Сурамжылоо жүргүзгөн Вашингтондогу Пью изилдөө борборунун директорунун орун басары Кэрол Доэрти билдиргендей, элдер Американы анын демократиясы үчвн эмес, Вашингтондун ал деморкатияны экспорттоо методдорун жактырышпайт:

– Элдердин пикиринде, Кошмо Штаттары анын аракеттерине тийешеси бар өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын жана суроо-талаптарын эске албастан, бир тараптуу иш алпарат. Бирок көпчүлүк өлкөлөрдө сурамжылангандардын басымдуу көпчүлүгү Кошмо Штаттары демократияны өнүктүрүү үчүн эмес, өзүнө керек болгондо гана аны колдогонун жактырышпайт.

Хьюздун кеңсеси бул иликтөөнүн жыйынтыгын туура кабыл алып, коомдук дипломатия узак жылдардын иши экендигин белгилеген. Хьюздун атайын жардамчысы Рена Педерсондун сөзү боюнча, Хьюздун кеңсеси чет элдиктерге АКШны, анын саясатын жана элин теле-программалардан эмес, америкалыктар менен карым-катнаш аркылуу терең түшүнүүгө мүмкүндүк берүүчү элдик дипломатия программаларына артыкчылык берип келатат:

– Быйыл биз бул программалар кандай иштеп жаткандыгын текшерүүнүн жаңы системасын кабыл алдык. Бул үчүн алмашуу программасына катышкан студенттер менен маектешип, иш-чараларга келгендерди сурамжылап, көрүүчүлөрдүн пикирин билип турабыз. Биздин тажрыйбадан коомдук дипломатия программаларына катышкандардын АКШ тууралуу маалыматы кеңири жана оң жактуу болооруна көзүбүз жетти.

Хьюз АКШ тууралуу айрыкча мусулмандардын мамилесин кескин жакшырта алган жок, ошол эле убакта ал АКШ өкмөтүнүн башка өлкөлөргө карата маданий сезимталдыгын күч алдырды. Бул тууралуу Азаттыкка Вашинтондоту Жоржтаун университетинде Исламдын тарыхын окуткан профессор Жонн Валл билдирди:

- Хьюз жана Мамлекеттик департамент АКШнын саясий максаттарын чек элдиктерге жеткирүүдө кыйла жылышка жетише алышты, дейт Вал.

Ал ошондой эле көп мусулмандар АКШнын Израилди жактап, палестиндерге өгөйлөп мамиле кылганына каршы болгону менен, бул абал эч качан өзгөрбөйт деп айтууга болбойт деген көз карашта. Ислам таануучунун ишениминде, АКШ өкмөтү улуттар жана эл аралык пикир алмашууну жана өз ара түшүнүүчүлүктү жакшыртууга аракеттенип жаткандыгы өтө маанилүү жана бул аракеттерди улантуу зарыл.

XS
SM
MD
LG