Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

ГРУЗИЯ ПАРЛАМЕНТИ ОРУСИЯНЫН ТЫНЧТЫК КҮЧТӨРҮН СҮРҮП ЧЫГАРУУГА ЧАКЫРУУДА


Грузия парламенти аткаруу бийлигине кысым жасап, тынчтык батальонун Абхазиядан чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн тактоого шаштырууда. Бул жөрөлгөгө 30- октябрда Грузия- Абхазия ортосундагы бейтарап тилкеде орусиялык тынчтык күчтөрү грузин полициясынын бир нече кызматкерин ур-токмокко алуусу түрткү болду. Парламаент төрагасы Нино Буржанадзенин шаршемби күнү билдиришинче, грузин өкмөтү орусиялык тынчтык аскерлеринин мандатын токтотуу оң тапкан жана аларды эларалык күчтөр менен алмаштырууну сурап БУУга кайрымакчы.

31- октябрда Грузия парламентинин төрагасы Нино Буржанадзе “Орусиялык тынчтык күчтөрүнүн мандатын токтотуу” жана алардын бейтарап аймакта “калуусун мыйзамсыз деп табуу” жөнүндө өкмөт ырасмий түрдө чечим кабыл алганын жарыя кылды. Буржанадзе айым парламенттик комитеттеринин төрагалары, ошондой эле коргоо, ички иштер жана тышкы иштер министрлери менен болгон кеңешмеден соң жасаган билдирүүсүндө Грузия БУУга кайрылып, орусиялык аскерлердин ордуна эларалык күчтөрдү жөнөтүүнү өтүнөөрүн кошумчалады. Ушул эле күнү Грузиянын Улуттар Уюмундагы өкүлү Ираклий Аласания Грузия менен жикчил Абхазия арасындагы аймактан орусиялык аскерлерди чыгарып кетүүнүн жолдору боюнча БУУнун Секретариаты жана Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен масилээт жүрүп жатканын маалымдады. Ал 14 жылдан берки чатакты жөндөө жараянын токтотпоо үчүн кырдаалды кылдат үйрөнүү зарылдыгын, КМШнын канаты астындагы тынчтык күчтөрү аскерий вазийпа менен чектелип жатканын айтты:

- Албетте, бул жерде аскерий бөлүктөн көрө эларалык укук коргоо органдары жана коопсуздук күчтөрүнүн болгону оң. Себеби, чатакты жөндөө үй- жайын таштап кеткен адамдары ордуна кайтаруу менен байланышкан проблема. Бозгундар коопсуз жашагандай шарт болбогондуктан, биз аларды кайтаруу ишин баштай албай турабыз.

1994- жылы кол коюлган келишимге ылайык, тынчтык күчтөрү аймакка Абхазия жана Грузиянын өтүнүчү менен жайгаштырылган жана кайсы бир тарап талап кылса, алар аймактан чыгып кетиши абзел.

Аласаниянын айтымында, Грузия кризисти жөндөөгө БУУнун катышканы маанилүү жана Абхазия менен сүйлөшүү түз жүргүзүлүшү зарыл деп эсептейт. Бирок, Орусиянын чатакты жөндөөдө ээлегшен орду БУУнун абалды жөнгө салуусуна чоң тоскоол болот деп билдирди Аласания:

- Орусиянын бул чатакты жөндөөгө аракеттенүү менен катар ага арачылык кылуусу, ошондой эле Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болуусу, менин оюмча, ишти чиелештирип, Абхазиядагы кырдаалды калыс жана туура баалоосуна жолтоо болууда.

XS
SM
MD
LG