Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

АКШнын ЖАРДАМЫ ИРАНДЫК ДЕМОКРАТТАРДЫ АРАЗДАШТЫРАБЫ?


Кошмо Штаттары Кыргызстанга жана башка көптөгөн өлкөлөргө демократияны өнүктүрүү үчүн атайын каражат бөлүп келет. Ушул жаатта АКШнын Ирандык активисттерге берип келаткан жардамы акыркы кездери бир катар талаштарды туудурууда. Анын ичинде Ирандын өзүндөгү демократиячыл күчтөрдүн айрымдары мындай жардам аларды өз мекендештеринин алдында жер каратып жаткандыгын айтышууда.

Акбар Ганжи Ирандагы белгилүү журналисттерден. Ал секулярдык же бийлик динден бөлөк болгон демократияны көздөгөн күрөшү үчүн Тегерандын түрмөсүндө алты жыл отуруп чыккан. Мына ушул журналист жакында Иранда жарандык коомду өнүктүрүүгө Кошмо Штаттары берип келаткан накталай жардам ал жардамды алгандардын өз мекендештери алдында кадырын түшүрүп жаткандыгын айтып, аны токтотууну талап кылды.

Кошмо Штаттары жылыга Ирандын жарандык коомуна, анын ичинде демократия үчүн күрөшкөн активисттерге 75 миллион доллар бөлөт. Бирок Ганжинин өткөн аптада Вашингтон Пост гезитине жазышынча, тарыхый себептерден улам Иранда чет элдик өкмөттөрдөн жардам алгандар өздөрүнүн беделине шек келгендей сезишет. "Ирандыктар өздөрүнүн демократиялык кыймылынын чет элдиктерден көз каранды болушун каалабайт" дейт Ганжи.

Вашингтондо Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Роб МакИнтурфф Азаттыкка президент Жорж Буштун администрациясы демократиялаштыруу иши улантылышы керек деп эсептээрин бышыктады:

– АКШнын өкмөтү Ирандагы демократиялык реформачыл элементтерди коргоону улантуу өтө маанилүү деген ишенимде. Бул программаларга сын пикирлер айтылып келатат. Биз ал сынга кулак салабыз, бирок ийгиликтер да жок эмес. Бул реформачыл элементтерден бара-бара ачык, демократиялык жана эркин коом өсүп чыгат деп ишенебиз.

Вашингтондогу Америкалык ишкердүүлүк институтунун өкүлү Майкл Рубин да мындай жардамды улантыш керек деп эсептейт. Ал жакында "Иран бийликтеринин диссиденттерди куугунтукка алып жатышы үчүн демократиялык программаларды күнөөлөбөш керек" деп жазды. Анын пикиринде, бул жардам программаларына каршы чыгып жаткандар демократияны колдогон демократтар эмес, Ирандын теократиялык системасын жакшыртууну каалаган реформачылар болуп саналат.

Ал эми Вашинтондогу Америкалык тышкы иштер саясатынын кеңешиндеги Иран боюнча адис Жефф Смит АКШнын программасы оң максаттарды көздөгөнү менен, кийинки кездери талаштуу болуп калгандыгын моюнга алды:

- Практикалык көз караштан алганда, Ирандын өзүндө бул өтө тескери жыйынтык бериши мүмкүн. Анда эмне кылыш керек? Муну программага каршы болгон ирандыктар менен ирандык уюмдардан сураган оң. Алар ар кандай жооп бериши мүмкүн, бирок алардын пикирин жалпылаштырып "акча бергениңерди токтоткула, акча тууралуу сөздү да токтоткула, бизге андан көрө силердин саясий дипломатиялык боордоштугуңар кымбат" деп оор-топондосо болот.

Смит Ирандагы демократия ирандыктардын өздөрү тандаган ылдамдыкта өнүгүшүнө жол берүү керек деп эсептейт. Мындай көз карашты кармангандардын катарында Трита Парси да бар. Парси Ирандык-америкалык кеңештин өкүлү. Ал Азаттыкка билдиргендей, америкалыктардын акчасы ирандык активисттердин бөлүнүп-жарылышына алып келди. Анткени Ирандын өзүндөгү активисттер демократия үчүн күрөштүн алдыңкы катарында иштеп, бул программанын айынан жапа чегишүүдө. Ал эми сырт жактардагы ирандык активисттер өз жанын багыш үчүн бул каражаттан көз каранды болуп калган. Парсинин пикиринде, бул ыдыроо Иран өкмөтүнүн чырагына май тамызат, себеби расмий Тегеран демократиялык кыймыл бөлүнүп-жарылса дегенде ак эткенден так этип турат.

XS
SM
MD
LG