Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

ТБИЛИСИДЕ «РОЗА ЫҢКЫЛАБЫНАН» БЕРКИ ЭҢ ЧОҢ ДЕМОНСТРАЦИЯ ӨТҮҮДӨ


2-ноябрда Тбилисиге президент Саакашвилинын бийлигине нааразы он миңдеген эл агалып келүүдө. Бул 2003- жылкы “Роза ынкылабынан” бери оппозиция уюштурган эң чоң демонстрация деп айтылууда. Оппозиция бийликти нааразылык акциясы алдында антипрезиденттик кыймылдын көрүнүктүү өкүлү Ираклий Окруашвилини Грузиядан күчтөп чыгарып жиберди деп да күнөөлөп жатат. Талдоочулардын айтышынча, чоң демонстрацияга карабай, Саакашвилинин өкмөтүн элдин көбү колдойт.

Серепчилер Тбилисидеги 2-ноябрдагы демонстрация Грузияда бир айдан узак убакыттан бери басылбай келаткан нааразылык акцияларынын туу чокусу болот деп боолгошууда. Антиөкмөттүк толкундоолор сентябрда мурдакы коргоо министри Ираклий Окруашвили жемсөөлүк кылды деп, камакка алынгандан кийин башталган. Экс-министр камалаардан алдың президент Саакашвилини табышмактуу жагдайда мерт болгон премьер- министр Жваниянын өлүмүнө катыштыгы бар деп күнөөлөгөн.

Бейшемби күнү Окруашвилинин адвокаты Эка Беселия күтүлүп жаткан жыйынга анын клиенти катыша албасын айтып, ал үчүн бийликти каралады:

- Окруашвили өткөн түнү парламент мүчөсү Тео Тлашадзе жана мени менен кездешкенде оппозиция 2-ноябрда өткөргөнү жаткан жыйынга катышам деп мерчемдеп жатканын айткан эле. Андан өкмөт кабардардай экен, кечээ түнкү саат 2 менен 3түн ортсунда Окруашвили үйүнөн күчтөп чыгарылып, ага Франциянын элчилигинин визасы басылган паспортун карматышты. Аны Грузиядан кетпесең камаласың деп коркутушуп, Францияга уччу учакка салып жиберишти.

Ырасмий бийлик Окруашвили чет өлкөгө дарылануу үчүн уруксат сурап кеткенин айтып актанды. Ошондой эле демонстранттар Тблисиге киргизилбей жатат деген маалыматты калпка чыгарды. Бирок, айрым демонстранттар Тбилисиге кирчү жолдор бейшемби күнү кечке жуук буулуп, шаарга кирүү кыйын болду дешет. Бул эркек: “Алар мени токтотуп, адамдарды мен минген микроавтобустан түшүрүп салышты” дейт. Ал эми береги эки аялдын бири : “Биз демонстрацияга барабыз десек, барабыз. Бизди эч ким коркута албайт”, -десе, экинчи аял: “Жүзү жоктор! Биз Тблисиге барабыз!” деп чечкиндүү.

Президентчил Улуттук кыймылдын мүчөсү, таасирлүү парламентарий Гига Бокерия демонстрация өткөрүүгө оппозиция акылуу деп, оппозициянын тарабын алды:

- Грузия демократиялык өлкө жана ар кандай демонстрация- өлкө үчүн кадыресе көрүнүш.

2- ноябрдагы демонстрацияны ондогон майда партиялар Улуттук кеңеш деп аталган блок менен чогуу уюштурду. Алардын негизги талабы парламенттик шайлоону күздө президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү– конститутуцияны бузуу саналат. Ошон үчүн парламенттик шайлоо келерки жазда өтүш керек.

Талдоочулардын айтымында, жума күнкү демонстрацияга көп эл катышканы менен Саакашвилинин өкмөтүн дале элдин көбү колдойт.

XS
SM
MD
LG