4- ноябрда парламент алдына чогулган эл “Миша, кет!” деп кыйкырып, Михаил Саакашвилини президенттиктен кетүүгө чакырышты. Эсептөөлөр боюнча оппозиция үч күндөн бери уюштуруп жаткан акцияга жекшемби күнү 10 миңдей адам чыкты. Оппозиция парламенттик шайлоону 2008- жылдын жылдын аягында эмес, апрелде өткөрүүнү да талап кылды.
Былтыр Грузия парламенти башмыйзамга өзгөртүү киргизип, өз мандатын жарым жылга узарткан жана парламенттик шайлоо президенттик шайлоо менен чогуу 2008- жылдын күзүндө өткөрүлсүн деп чечкен.
Саакашвили жекшемби күнкү телекайрылуусунда парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өткөрүлөрүн айтып, экономикалык реформа токтоп калды жана коррупция күч алууда деген айыптоолорду четке какты. Тбилисидеги нааразылык акцияларын Орусиянын телеканалдары түз алып көрсөтүү себебине токтолуп, мындай деди:
-Элдик ынкылапты “түйүлдүгүндө” жок кылуу үчүн, ынкылапты эчким эч жерде кайталабас үчүн мунун баары жасалууда. Ушул себептен бул (Тбилисидеги) окуялар биринчи кезекте грузиндер менен орустар үчүн эмес, украиндерге, өзбектерге, белорустарга, казактарга, армяндарга, азерилерге арнап көрсөтүлүүдө.
Ал эми оппозициячыл партиялар күрөштү токтотпосун айтышууда. Грузиянын байтактындагы антиөкмөттүк демонстрацияга ишемби күнү кеминде 10 миңдей, жума күнү 50 миң чамалуу адам катышкан. Байкоочулар 2003- жылы Саакашвилини бийликке алып келген “Роза ынкылабынан” бери Грузияда акыркы үч күндөгүдөй кубаттуу нааразылык акциясы болбогон дешет.
Тбилисиде аяктаган төрт күндүк эларалык жыйындын коногу- Еврокеңештин башкатчысы Терри Дэвис жагдай оң чечилет деген ишеничте:
- Грузия акыркы 20 жылда эбегейсиң чоң прогресс жасады деп ишенем. Ошон үчүн Грузиядагы кырдаал оң чечилээринен эч күмөн санабайм. Арийне, бул деген парламент алдына тпотолгон эл тарткатылыш керек же эл үйүнө кетсин же ушул сыяктуу нерсени билдирбейт.
Терри Дэвис толкундоолорду демократиялуу өлкө үчүн табигый көрүнүш катары баалап, Грузиядагы парламенттик шайлоо “демократиянын нормаларына” ылайык өтөт деп кошумчалады.
Ал Тбилисидеги саммит учурунда өлкөнүн ырасмий адамдары жана оппозициянын жетекчилери менен кездешкен.