Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

5-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Муратбек Кожобеков, Бишкек Боом капчыгайындагы темир жол курулуш начальниги Демин 1944-жылдын 5-ноябрында Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине жол курулушунда жетишилген ийгиликтер туурасында рапорт жолдоду. Археологиялык экспедициясынын жетекчиси А. Н. Бернштам 1944-жылдын 5-ноябрында Кыргызстандын түштүгүнө жасалган археологиялык чалгындоо туурасында отчет берди.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскер депутаттар Кеңеши 1929-жылдын 5-ноябрында медициналык тез жардам машинасын жалган шылтоо менен чакыргандар үчүн жаза айыбын белгиледи. Шаардык Кеңештин чечимине ылайык амалкөй адамдар үчүн 25 рубль көлөмүндөгү айып төлөө же болбосо 7 күндүк зордоп иштетүү жазасы чыгарылган. Мындан ары жугуштуу оорукчандарга, мас абалындагы жана психикасы жайында эмес адамдарга медициналык тез жардам машинасын чакырууга тыюу салынган. Ошол убактагы байланыш абалына ылайык тез жардам машинасы телефон номери жок, трубканы көтөрүү аркылуу чакырылган.

Кыргыз АССР Башкы соту 1934-жылдын 5-ноябрында жылкы уурдоо менен алпурушкан жоон топ ууруларды сот жообуна тартты. Жанкечтилер жалаң жылкыларды уурдап, бир канча жыл бою колхоз, совхоздордун малына тийип, ал түгүл жеке чарбакерлердин жылкыларын айдап кетип турган. Башкы сот уурулардын анабашчысы Якуб Сопиевди атууга өкүм чыгарып, 8 ууру-10 жылга, 2 адам 5 жылга, дагы бирөө 3 жылга эркинен ажыратылган.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскер депутаттар Кеңешинин президиуму 1934-жылдын 5-ноябрында, Улуу октябрь социалисттик майрамы катары белгиленчү 7-8-ноябрь күндөрү шаардык дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыю салган чечим чыгарды. Шаардык Кеңештин чечиминде майрам күндөрү пиво ичимдигин сатууга уруксат берилип, бардык дүкөндөрдө нан сатуу ишин таңкы саат 8ден баштап, кечки саат 10го чейин жүргүзүүнү талап кылган. Мындан тышкары, баардык мекемелерге мамлекеттик желектерди тагуу керектиги эскертилген.

Боом капчыгайындагы темир жол курулуш начальниги Демин 1944-жылдын 5-ноябрында Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине жол курулушунда жетишилген ийгиликтер туурасында рапорт жолдоду. Курулуш начальнигинин рапортунда аска ташты жардырууда жаңы ыкма ойлонуп табылдгандыгы жана Естафьев менен Набоковдордун бригадалары жогорку өндүрүш ийгилигине жетишкендиги кабарланат.

СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалына караштуу Тил, адабият жана искусство институтунун археологиялык экспедициясынын жетекчиси А. Н. Бернштам 1944-жылдын 5-ноябрында Кыргызстандын түштүгүнө жасалган археологиялык чалгындоо туурасында отчет берди. Алдын-ала жасалган илимий иликтөө жыйынтыгына ылайык, археологиялык казууларды Өзгөн аймагында жүргүзүү жемиштүү материал бере тургандыгы белгиленген.
XS
SM
MD
LG