Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

17:48 Александр Ивановдун өлүмү боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жакын арада кыргыз тарапка берилет


Бул тууралуу АКШнын борбордук командачылыгыныын кол башчысы Уильям Феллондун Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов менен жолугушуусу учурунда белгилүү болгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Анда Токон Мамытов эки тараптуу кызматташуунун азыркы деңгээлине канааттанаарын, мындан ары да АКШ менен кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттардын бири экенин белгилеген. Ал ошондой эле былтыр АКШ аскеринин колунан ажал тапкан кыргыз жараны Александр Ивановдун өлүмүнө байланышкан ишти тез арада аягына чыгаруу зарылдыгын айтып, мындан ары АКШ авиабазасынын беделине терс таасир тийгизчү мындай чыр-чатактарга жол бербөө керектигине токтолгон. Адмирал Уильям Феллон болсо «Манас» аба майданынан авиабазага орун берилгени үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, маркум Ивановдун өлүмүнө байланышкан иш аяктоо алдында экенин, анын жыйынтыгы кыргыз тарапка берилээрин айткан. (SM)

XS
SM
MD
LG