Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

ЖАЛАЛАБАТ : “МЕКЕН БИРИМДИГИ “ СОЦИАЛ ДЕМОКРАТТАРГА КОШУЛДУ


5-октябрда Жалалабатта экс-губернатор Жусупжан Жээнбеков өзү башкарган “Мекен биримдиги” партиясы Социал-демократтар партиясына кошулгандыгын жарыя кылды.

Таанымал лидерлери аз жана өзү жаш “Мекен биримдиги” партиясы Социал-демократиялык партияга кошулду. “Мекен биримдигин” Жалалабат жана Талас облустарынын экс-губернатору Жусупжан Жээнбеков башкарат. Социал-демократтар партиясы туруктуу жана конструктивдүү багытты тутунганы үчүн ага кошулуу максатын Жээнбековдун партиясы саясий кеңешинде чечкен.

Мурдагы “Алга, Кыргызстан!” партиясынын айынан экономика артка кетти деп эсептеген Жээнбеков “Ак Жол” партиясына казыналык кызматкерлер мажбурлоо жолу менен өткөрүлүп жаткандыгын айтты:

- Мугалимдерди, медиктерди, бюджетте иштеген адамдарды“Ак жол” партиясына өтөсүң деп кыйнай баштады деген маалыматтар түшүп атат. Президент бардык партияга бирдей караш керек. Партиянын күчү жетеби, эл колдойбу өтсүн. Биз “Алга Кыргызстан” партиясынын кылган ишин жасабайлы. Ошолордун ушундай кылганынан экономикабыз артка кетти.

“Ак Жол” партиясынын Жалалабаттагы өкүлү Абдымалик Бектемиров Жусупжан Жээнбековдун аларга карата айткан сын пикирлерин негизсиз деп эсептейт:

- Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин бул партияга сөзсүз өтөсүңөр деп айткан жерибиз жок. Эл тескерисинче күтүп турган экен, каттар, телефон чалуулар келип атат, дарегиңер кайда, “Ак жол” партиясына кантип өтөбүз деген суроо талаптар катуу болуп атат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG