Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:50

6-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Айрым маалыматтарга караганда 1938-жылдын 6-ноябрында айтылуу окумуштуу жана коомдук ишмер Касым Тыныстанов бейкүнөө атылган. Кыргызстан Жогорку Кеңешинин Чукул чакырылган V съездди 1936-жылдын 6-ноябрында күтүүсүз токтотулду.

Кыргызстан Жогорку Кеңешинин Чукул чакырылган V съездди күн тартибинде каралган маселелерди талкуулоонун ордуна 1936-жылдын 6-ноябрында капыстан туруп ишин токтотту. Жогорку Кеңештин чукул токтотулган съезди 1937-жылдын март айында улантылып, анда республиканынын Конституциясы кабыл алынган. Эки съезд аралыгында Кыргызстан коомчулугуна мүшкүл салган окуя болуп өттү. Төрт ай ичинде биринчи съезддин делегаттарынын басымдуу көпчүлүгү «эл душмандары» атыгып камакка алынып, саясий куугунтук башталган. Калган делегаттар качан камалам деп бүшүркөп, саясий террордун күнүн өткөргөн.

Белгилүү саясий-коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында жарык дүйнөгө келген. Т. Усубалиев 24 жыл, 5 ай, 24 күн Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып, бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча Бүткүлсоюздук рекорд койгон.

Айрым маалыматтарга караганда айтылуу окумуштуу жана коомдук ишмер Касым Тыныстановго чыгарылган өлүм жазасы 1938-жылдын 6-ноябрында ишке ашырылган. Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылында жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн акырына чейин ал маалымдоо каражаттары, илим изилдөө жана билим берүү тармагында иштөөгө үлгүргөн. К. Тыныстановдун окумуштуулук дарамети туура бааланып, ага Кыргызстанда биринчи болуп 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессордук илимий наам ыйгарылган. 1938-жылдын 5-ноябрында өткөн СССР Жогорку Аскердик сотунун жабык көчмө сессиясында Касым Тыныстановго 1921-жылдан баштап улутчул «Алаш-Ордо» уюму, андан кийин буржуазиячыл-улутчул, диверсиячыл зыянкеч, чыккынчы террордук «Социал-Туран» партиясынын ана башчыларынын бири деген айып коюлуп, атууга өкүм чыгарылган.

2005-жылдын 6-ноябрында Жалалабат областындагы Аксы районунда эки жарым миңден ашкан адам катышкан митинг өткөрүлдү. Митингчилер кабыл алган кайрылууда-Жогорку Кеңеш депутаттарына жалпы кыргызстандыктардын таламын талашып, парламент ишин элден жашырбай ачык-айкын жүргүзүү талабы коюлду. Ошондой эле, уюшкан кылмышкерлер жаңы бийликтин колдоосун сезип, мамлекеттик чиновниктер менен кызматташып кеткендиги белгиленип, мындай терс көрүнүш катуу сынга алынды.

Мындан сырткары, митингчилердин кайрылуусунда-президент Курманбек Бакиевдин Аксы эли менен жолгушууга келбей, Азимбек Бекназаров чакырган теледебаттан жалтактап баш тартышы «жалганчы жетекчи» катары бааланып, анын мамлекетти башкарууга моралдык укугу жок экендиги белгилди.
Бу күнү, 1917-жылы Петроградда октябрь курулдуу көтөрүлүш башталып, 1952-жылы Тынч океандын Энвиток атолласында америкалык биринчи водород бомбасы сыналып, 1991-жылы Россия президенти Б. Ельцин КПСС жана комммунисттик партиянын ишмердүлүгүнө тыюу салып, 1753-жылы атактуу орус скульптору Михаил Козловский, 1771-жылы немец типографы, литографияны ойлоп тапкан Алоиз Зенефельдер, 1814-жылы атактуу ойлоп тапкыч, саксофонду чыгарган Адольф Сакс, 1835-жылы италиялык врач-психиатор, антрополог Чезаре Ломброзо, 1935-жылы айтылуу акын Омор Султанов, 1936-жылы молдован кинорежиссеру Эмиль Лотяну жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG