Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:56

ГРУЗИЯ: “РОЗА ЫҢКЫЛАБЫ” КАЙРА ЭСКЕ ТҮШӨ БАШТАДЫ


Тбилисиде үч күндөн бери Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин кызматтан кетишин талап кылган демонстрация жүрүп жатат. Саакашвилини “авторитаризмге ооп, жумуриятты демократиялык жолдон тайдыра баштады” деп айыптаган 10 миңге чукул адам ишембиде грузин парламентинин маңдайына чогулду. Алар эми бул өңдүү акцияларын мамлекеттик башка мекемелердин алдында да, ал эле эмес, башка региондордо да өткөрүүнү пландаштырышууда.

Грузия акыркы төрт жылдан бери, бийликке Михаил Саакашвили жетектеген ыңкылапчылар келгенден бери, мындай чоң алкактагы демонстрацияны көрө элек болчу. Бул жолу өкмөткө нааразылык билдирүү акциясы 2-ноябрда башталды.

Көчөгө чыккандардын негизги максаты – президентти кызматынан кетирип, жаңы президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү. Президенттин отставкага кетишин талап кылып чыккандар аны экономикалык реформанын өтөөсүнө чыга албай, коррупцияны ооздуктоодо дурус аракет көрө албады деп айыптап жатышат. Саакашвили болсо демонстрацияны уюштургандарды “орусиялык олигархиялык күчтөр тарабынан колдоо тапкандар” деп сындап, өзүнө тагылган айыптарды четке какты.

- Биринчиден, шайлоолор биздин Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө боло туганын, атап айтканда, 2008-жылдын күзүндө өтөөрүн айта кетейин. Президенттик да, парламенттик да шайлоо бир убакта өтөт жана бул стабилдүүлүк менен ишенимдүүлүктүн белгиси. Мындан тарта баардык нерсе Конституцияда жазылган мөөнөттө, мыйзам чегинде жана өлкөнүн кызыкчылыгынын негизинде гана болот, - деди президент Саакашвили жекшембиде сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө.

Өзү ыңкылап жолу менен президенттикке келген Саакашвили бүгүн ага каршы чыгып жаткандардын аракетин “роза ыңкылабын” кайталаганга болгон ийгиликсиз далалат” деп атады.

Европа Кеңешинин баш-катчысы Терри Девис Грузиядагы окуялар, тетирисинче, позитивдүү нерседен кабар берет деп ишенет.

- Грузия соңку 20-жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй прогресс жасай алды деп ишенем. Ошон үчүн ал жактагы бүгүнкү жагдай тууралуу мен аябай жакшы ойдомун. Албетте, азыр парламенттин маңдайында тургандар эми үйүнө кетип калышы керек деген ойду айтайын деген ниетим жок. Алар өз оюн айтканга укугу бар, - деди Девис.

Постсоветтик аймакта “түстүү ыңкылаптарды” баштан кечирген үч мамлекетте тең, Грузияда, Украинада жана Кыргызстанда, жаңы бийликтер орногондон бери саясий кырдаал туруктуу эмес. Бирок кыргызстандык саясатчы, социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы Эдил Байсаловдун ишениминде, мунун баары “түстүү ыңкылап” деген институт өзү “күчсүздүгүн көрсөттү” дегенди билдирбейт.

- Менимче, мунун баары мыйзамченемдүү эле көрүнүш, анткени ынкылаптар болгон мамлекеттер демократиялык калыптануу уланууда. Биз азыр кичинекей баладай кадам-кадам менен “мектептин сынактарынан” өтүп жатабыз. Ал эми биздин жаныбыздагы абдан эле туруктуу көрүнүп жаткан мамлекеттер, керек болсо, бир эле диктатору кыйраса, баары бийликтен ажырап, башаламан болуп кетет. Буга көзүбүз жетип эле турат. Ыңкылаптар болгон үч мамлекетте демократиянын баардык белгилери бар: митингдерди өткөрүүгө укуктуубуз, маалымат каражаттарыбыз эркин эле иштеп жатышат. Ошондуктан, албетте, оппозициябыз да күчтүү болот. Бул митингдерден чочулабашыбыз керек. Демократиялык өлкөлөрдө бул кадимки эле көрүнүш, - деди Эдил Байсалов.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG