Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

БШК: МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ КАЛЫСТЫКТАН ТАЙЫП ЖАТАТ


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өнөктүгүн чагылдырган маалымат каражаттарына мыйзам талаптарын бузбай бекем сактоо керектигин эскертти. Шайлоо мыйзамы боюнча үгүт жүргүзүү өнөктүгү 26-ноябрда башталат. Бирок ага чейин эле бир катар маалымат каражаттарында тигил же бул партиянын ураанын чакырган бир жактуу мааалыматтар чыгып кетип жаткандыгы БШКнын тынчсыздануусун пайда кылууда.

Борборшайлоокомдун мүчөсү Болот Малабаевдин айтымында, 26-ноябрга чейин үгүт жүргүзүүгө мыйзам жол бербейт, ошондуктан маалымат каражаттары шайлоо өнөктүгү боюнча маалымат жайылтуу менен гана чектелиши керек.

“Үгүт өнөктүгү башталганга чейин маалымат булактарында шайлоо жана ага камылгалар тууралуу маалымат гана жарыяланышы зарыл. Ал эми чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы маалымат каражаттары парламенттик шайлоо өнөктүгү тууралуу маалымат берүүгө акылуу болгону менен үгүт- насаат иштерине катыша албайт”,- деди Б. Малабаев.

БШК өкүлдөрүнүн айтымында, жергиликтүү журналисттер өлкөнүн мыйзамдарын, шайлоо кодексинин жакшы биле бербейт, маалыматы жетишпейт, ошол себептүү шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда мыйзамдын чегинен чыгып кетип жатышат.

Азыркы учурда саясий партиялар уюштуруу жыйындарын өткөрүп, шайлоого киргизе турган тизмелерин тактап жаткан учур. Мындай мезгилде маалымат каражаттары алардын иш чараларын гана чагылдырбай, тигил же бул партияны мактап же каралаган материалдарга жол берип жаткандыгы БШКны кабатыр кылууда. Ошондуктан, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гуля Рыскулова маалымат каражаттарында саясий партиялардын укуктарын тең сактоо жагын баса белгилеп жатат.

Байкоочулардын баамында, өкмөттүк маалымат каражаттары шайлоого чейин эле бийликчил “Ак жол” партиясын жактаган ой-пикирлерге көбүрөөк ыктап жатат. Бул жөнүндө парламенттин мурдагы вице-спикери, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Эркин Алымбеков “Азаттыкка” айтып өттү.

Шайлоого камданып жаткан саясий партияларды мөөнөтүнөн мурда мыйзамдан тышкары үгүттөгөн маалымат каражаттары шайлоо мыйзамы боюнча акчалай айып төлөп, юридикалык жоопкерчиликке тартылат. Бул жөнүндө маалымат каражаттарын БШКнын юридика бөлүмүнүн башчысы Мирбек Акматов атайын эскертти.

БШКнын мүчөсү Гуля Рыскулованын пикиринде шайлоонун натыйжасына маалымат каражаттары 70-80 пайыз таасирин тийгизе алат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG