Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

ЖАЛАЛАБАТТА «АСАБА» ПАРТИЯСЫНА АЙГАК БОЛГОНДОР КИМДЕР?


“Асаба” партиясынын Жалалабат облустук конференциясы кайым айтышуулар менен коштолду. Белгисиз аялдар партиянын төрагасы А.Бекназаровду Бакиевди колдобойсуң жана улутка бөлүштүрөсүң деп айыптап чыгышты. Экс-депутат аларды президенттин Бишкек тараптагы инилери тарабынан жиберилген деп болжосо, Жалалабат шаар бийлигинин орунбасары Бекназаровдун мындай пикирине кошулган жок.

«Асаба» партиясынын облустук жыйыны парламенттик шайлоого катышуу-катышпоо жана уюмдун республикалык курултайына делегаттарды шайлоо маселесин талкуулады. Анда эл аралык уюмдар болжогондой жок болуу коркунучунда турган кыргыз улутун, тил-маданиятын сактап калуу, жаратылыш жана кен байлыктарын менчиктештирбөө, партиялардын өз ара биримдиги тууралу ойлор козголуп, улут укугунан адам укугу өйдө тургандыгына тынчсыздануулар айтылды.

Партия улуттун келечеги үчүн күрөшөрүнө түшүндүрмө жасалганына карабай белгисиз аялдар «Асабанын» төрагасы Азимбек Бекназаровду «президент К.Бакиевге каршы чыгасын, улут бөлүштүрөсүң” деп айыпташып, жыйын жаатташкан аялдардын кайым-айтышуусу менен коштолду.

- Азимбек Бекназарович сиз азыр улут ажыратып атасыз. Бир президент чыкты, ушуну башыбыз менен тик туруп кандай жолго барбасын колдойбуз. Курманбек Салиевичти колдогон партияны гана биз шайлайбыз,- деди аялдардын бири.

»Асаба» партиясы ыңкылаптан бери Акаевсиз Бакиевди колдоп келүүдө. Экс-депутат Азимбек Бекназаров президентке Акаевдин мурасынан калган үй-бүлөлүк башкарууну жоюу, реформа жүргүзүү, экс-президенттин байлыктарын мамлекетке өткөрүү, анын убагында иштеген кадрларды кызматтан кетирүү талабын коюп келаткандыгын өзүн сындаган аялга жооп катары угузду:

- Айттым куйруктардан арыл, тазалан деп. Мына биз ушундай колдойбуз Бакиевди. Жаныңда отурган Садыркуловду кетир, Акаев учурунда жарым миллион доллар мамлекеттин акчасын уурдаган кишини эмне отургузуп алдың деп айтып келаткан кишимин. Эмне үчүн Акаевдин ээлеп алган завод, фабрикаларын бүгүн кайра бөлүштүрүп атасың, элге өткөрүп бер деп келаткан кишимин. Бакиевди “Асаба” партиясы колдобогон күнү болгон эмес. Кыргыз элине реформа жүргүз, ошондо сени колдойбуз деп келатабыз.

Конференция шайлоого катышууну колдоп, республикалык курултайга 14 делегат шайланды. Бекназаровдун баамында, жыйынга тоскоолдук кылган белгисиз аялдар президенттин Бишкектеги инилери тарабынан жиберилиши ыктымал:

- Муну Бишкектен реалдуу түрдө экинчи бийликти жүргүзүп аткан президенттин укаларынын кылып аткан иши. Бул жактагы дежур аялдарга президенттин инилеринин бирөөсү команда берип, уюштурган иши.

Өз ысымдарын жана кайдан келгенин атабаган аялдардын президенттин туугандарына тиешеси жок деп билдирди Жалалабат шаар башчысынын орунбасары Санам Балтабаева. Анын болжолунда, А. Бекназаров менен кайым айтышкандар март ыңкылабына катышкан аялдар болуусу мүмкүн:

- Булар өз ара мурда эле көрүшүп жүргөн аялдар. Эки тараптан тең ооздорунан туура эмес сөздөр чыгып кетти.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG