Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

ГРУЗИЯ: ЫПЫЛАС ЫҢКЫЛАП


Тбилисиде оппозициянын жаштар жамааты Россиянын элчилигинде пикет өткөрүп, “Саакашвилини жана башка орус агенттерин Грузиядан алып кетүүнү” талап кылды. Жекшемби күнү телеканалдагы сөзүндө президент Саакашвили, тескерисинче, оппозицияны бийликке каршы орус олигархтары шыкактап жатат деп айткан эле. Ошол эле күнү Мюнхенде ушу тапта башбаанелеп жүргөн мурдагы коргоо министри Ираклий Окруашвили грузин жетекчилерин кайрадан күнөөлөп, аларга жаңы айыптарды койду.

Бийлик менен оппозиция өз ара тирешинде бирин бири Москванын агенттери кылып көрсөтүүгө өтүштү. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Саакашвилинин жекшембидеги сөздөрүнө токтолуп, ”саясий бул ишмердин билдирүүсүн комментариялагысы келбей турганын, грузин жетекчилеринин аракеттери акыркы кездери маскарапоздукка айланып баратканы ансыз деле баарына дайын экенин” белгиледи.

“Оппозицияны Москванын тапшырмасын аткарып жатат деп айыптоодон мурда Саакашвили “Кремл агенттерин” өз тегерегинен издеп көрсүн”,- деп билдирди митингде тургандардын бир лидери Гия Тортладзе. Буга мисал кылып ал СССР КГБсынын мурдагы жетекчиси генерал Вадим Бакатин, президент Путиндин мурдагы кеңешчиси олигарх Каха Бендукидзе баштаган он чакты көпөстөр Грузиядагы негизги ишканаларды сатып алганын бирден санап, санжаптап берди. Кала берсе мындан үч жыл илгери экс-президент Шеварднадзенин отставкасын кабыл алганы жана роза ыңкылабын уюштургандарды куттуктаганы Тбилисиге ошо кездеги орус тышкы иштер министри Игорь Иванов келгенин да эске салды.

Оппозицияга Грузиянын мурдагы коргоо министри Ираклий Окруашвили капыл-тапыл жардамга келди. Мюнхенден “Имеди” телеканалына берген интервьюсунда экс-министр бийлик “колкосунан элитардык коорупцияга батканын, уурдап жыйнаган байлыгын коргоп калганы ар кандай иштен кайра тартпай турганын” эскертип, Саакашвилини азыркы замандын “Гитлери” деп атады.

Окруашвили өткөн айда Саакашвилини бир катар кылмыштарды жасаган, обурлуу саясатчылар менен бизнесмендерди, алардын ичинде экс-премьер Жваниянын көзүн тазалаттырган деп айыптап чыккан эле. Бийликтер аны илгиртпей камакка алышкан, Окруашвили айткан сөздөрүн танганга аргасыз болгон. Атүгүл алты миллион доллар суммасында күрөөпул төлөп, абактан чыгып, чет өлкөгө өтө качып кеткен. Мунусу үчүн ал оппозициядан кечирим сурап, Саакашвилиге койгон мурдагы бардык айыптары, келтирген фактылары жана ал жөнүндө айткандары суу кошпос чындык экенин, бирок мунун баарын Грузиядагы азыркы сот системасынын тушунда далилдегенге мүмкүн эместигин билдирди. Ошентсе да Окруашвили колундагы жаңы таныктар менен фактыларды оппозиция лидерлерине жөнөткөнү жатканын кабарлады.

“Миша,сен оңолбос каталык кетирдиң, - деп айтты экс-министр телеэкран аркылуу президентке кайрылып. - Эми сенин саналуу күнүң калды, анткени эл сага өкүмүн чыгарып салды”. Окруашвили азыркы президент “жеткен адилетсиз, анык обуру суук, абдан бузулган” лидер катары тарыхка кирет” деп да кошумчалады.

Саакашвилинин тарапкерлери экс-министрдин жаңы айыптоолорун “алжыган адамдын кебине” жорушту. Парламенттеги көпчүлүктүн өкүлү Гия Бокерия, мисалы, оппозиция Окруашвилинин интервьюсу менен акыркы резервин пайдаланды деп билдирди.

Ал эми жалпы кырдаалга кайрылган британдык “Экономист” басылмасы мунун баарын “Грузиянын ыпылас саясаты” деп баалады. Бул ойду өнүктүрүп,башка бир байкоочулар Грузиядагы азыркы окуялар чын эле революциянын жаңы түрүнө - ыпылас ыңкылаптарга жол ачышы ыктымал дешет.

XS
SM
MD
LG