Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:28

7-НОЯБРЬ УЛУТТУК БАСМА СӨЗ ЖАНА МААЛЫМАТ КҮНҮ


Бүгүн Кыргызстанда улуттук басма сөз жана маалымат күнү. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев дүйшөмбү күнү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн куттуктап, бийлик өлкөдө сөз эркиндигине өзгөчө маани берип жатканын баса белгиледи. Ал эми Медиа өкүлү институтунун директору Илим Карыпбековдун айтымында, кийинки мезгилде сөз эркиндигине жетишилген ийгиликтер акыркы эки-үч жыл аралыгында жоголуп баратат.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев бийлик сөз эркиндигин өркүндөтүү үчүн бардык иш аракеттерди көрүп жатканын белгилеп, бирок сөз эркиндиги оңой-олтоңго турбай, журналисттердин өмүрүнө кол салган фактылар бар экенин, мындай көрүнштөр өлкөнүн аброюна шек келтирерин айтты.

- Кыргызстандын бийлигинин алдында сөз эркиндиги тим эле оозеки айтылбай, аны иш жүзүнө ашыруу максаты турат. Кыргыз өкмөтү бул аракеттерден тайбайт.

Атамбаев ошондой эле ар бир атуул жана биринчи кезекте маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери өз оюн тартынбай, акыйкат, калыс чагылдырууга укуктуу экендигин белгиледи.

Айрым серепчилер, ыңкылаптан кийин өкмөттүк маалымат каражаттары бийликтин иш-аракеттерин мактоо менен чектелип, көпчүлүк учурларда калыс, тең салмактуу маалыматтар берилбей жатканын айтышууда. Алардын көз карашында массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерине кийинки мезгилде күч колдонуу фактылары да көбөйүүдө. Сөз эркиндигин өркүндөтүүнүн бирден бир булагы болгон Улуттук телерадио корпорациянын Байкоочулар кеңешинин кандайдыр бир саясий топтордун аракети менен жасалма жол менен жоюлушу өлкөдөгү сөз эркиндигине карата урулган сокку болду, дейт Медиа өкүлү институтунун директору Илим Карыпбеков.

- КТРды коомдук телеберүү форматына айландырабыз деп олуттуу кадамдар жасалды эле. Бирок тилекке каршы ар кандай иш аракеттерди колдонушуп, кызыкдар болгон топтор жана кызыкдар болгон адамдар Байкоочу кеңештин иш аракетине бөгөт коюп салышты. Демек бул багытта дагы сөз эркиндигине жетишкендин ордуна кайра артка кеттик. Бул өтө эле терс көрүнүш.

Байкоочулар кеңешинин мурдагы мүчөсү Бакыт Орунбеков да Байкоочу кеңеш айрым бир саясий топтордун, күчтөрдүн аракети менен атайын жок кылынды деген ойдо.

Серепчилердин баамында массалык маалымат каражаттарына бийлик дагы эле түздөн-түз кийлигишип, өзүнүн өктөм саясатын жүргүзүүдө. Алардын көз карашында Баш мыйзамды кабыл алууда, парламентти таратуу, референдум өткөрүүдө УТРКдан бир беткей маалыматтар берилип, калк арасына ачык,айкын маалыматтар жетпей калууда. Байкоочулар бийлик тараптан массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүлбөй өлкөдөгү саясий-экономикалык, социалдык маселелер тууралуу маалыматтар айкын, ачык, калыс чагылдырылып туруусу зарыл экендигин айтышууда.
XS
SM
MD
LG