23-декабрга белгиленген шайлоого талапкер көргөзүү укугу Өзбекстандын расмий каттоодон өткөн беш партиясына гана берилген. Ал эми ишин сырттан жүргүзүүгө мажбур болгон демократиялык оппозициянын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү жок.
Саясий уюм катары 2003-жылы эле түзүлгөн Либерал-демократиялык партия Ислам Каримовду кайрадан талапкер кылып өткөн айда эле атаган болчу. Партиянын саясий кеңеши жарыялаган билдирүүдө Ислам Каримовдун дарегине “өлкөдөгү туруктуулукту сактоо үчүн, калктын турмушун жакшыртуу, бардык чөйрөдөгү масштабдуу демократиялык реформаларды улантуу үчүн” президенттик кызматта дагы бир мөөнөткө калуу өтүнүчү айтылган эле. Ислам Каримов болсо бул сунушка андан бери ак же көк деп жооп берген эмес. Анткен менен байкоочулар Каримовдун Конституция бузулганына карабай шайлоого барары айныксыз экенин айтып жатышкан.
Ташкенттен түшкөн маалыматтарга караганда, Ислам Каримов 6-ноябрдагы парткурултайда программалык сөз сүйлөп, дагы бир мөөнөткө шайлоого катышууга макулдугун берди. Ал эми өзбек либерал-демократтары өз чечимин укуктук жактан кандай негиздегени беймаалым. Курултайдын материлдары партиялык гезиттин шаршембидеги санында жарыяланары кабарланды.
Өзбек Конституциясына ылайык Ислам Каримовдун экинчи жана соңку президенттик мөөнөтү быйыл аяктады. Буга чейин ал бийлик укугун референдум жолу менен эки ирээт 1995 жана 2002-жылдары узарткан эле. Акыркы президенттик шайлоо 2000-жылдын январында болгон. Ташкенттик көз карандысыз саясат таануучу Камолиддин Раббимов дагы бир мөөнөт үчүн укуктук негиз оңой эле табыларын айтат:
-Алар 2002-жылкы референдумдан кийин азыр Каримовдун толук биринчи жети жылдык мөөнөтү деп эле айтып коюшу мүмкүн.
Өзбекстандын оппозициядагы "Эрк" демократиялык партиясынын лидери Мухаммед Салих президенттикке келгенине быйыл 17 жыл болгон Ислам Каримовдун кайрадан шайлоого аттанып жатышын мындайча комментарийледи:
-Каримов эч качан кетпейт. Мен муну көптөн бери айтып келе жатам. Каримовдон жакшылык күтүш, реформа күтүш акмакчылык болот. Каримовдун режими өзүн-өзү жок кылыш, өз тагдырына балта чабыш үчүн буга чейин көп аракетин кылды. Бирок, соңку шайлоо - калктын көзүн карап туруп, уялбастан жасалап жаткан провкация, шайлоо эмес. Бул калктын сабырдуулугун сынаш үчүн жасалып жаткан аракет.
Мухаммед Салих 1991-жылкы шайлодо Каримовго атаандаш катары чыгып, кийин мекенинен кетүүгө мажбур болгон.
Эгер 23–декабрда кайра шайланса, Ислам Каримов дагы бир жети жылдык мөөнөткө бийликте калат.
Ташкенттик көз карандысыз саясат тануучу Камолиддин Раббимовдун божомолунда, келерки жылдын январь айында жетимишке чыгуучу Ислам Каримов алдыдагы жылдары мураскер издөө менен алектенет:
-Себеби психологиялык жактан ал оор абалда. Эч кимге, анын ичинде өзүнүн жакынкы чөйрөсүнө да ишенбегендиктен, бийликти калтыра албайт. Буга кошумча ал өз мураскерин даярдоого жетишкен жок. Эгер ал президент бойдон калcа, бул ишке ашчыдай, анын биринчи милдети мураскер даярдоо болот. Жакынкы эки –үч жылда ал ушул иш менен гана алектенет.
23-декарбрдагы шайлоого расмий каттоосу бар калган төрт партия да өз талапкерлерин көргөзгөн. Арасында аялзатынын өкүлү бар. Анткен менен көпчүлүк байкоочулардын ишениминде, ал талапкерлердин баары президент Ислам Каримовдун өзү менен макулдашылган адамдар.