Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

ОКТЯБРЬ - ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КАНДАЙ ЫҢКЫЛАПТЫ ЖАСАШ КЕРЕК ЭМЕСТИГИН КӨРГӨЗДҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын коммунисттери бүгүн Октябрь революциясы чыкканга 90 жыл толгондугун майрамдап атышат. Москвада чукулда эле алардын миңдеген катышуучулары көчө менен жүрүш жасап, Карл Маркстын эстелигинин алдына келип гүл коюшту. Башка шаарларда да бул датаны коммунистер белгилешти.

Орусиялык белгилүү тарыхчы Борис Соколовдун айтканына караганда: «Февралда Петроградда нан сатыкка түшпөй калганда элдин баш-аламан көчөгө чыгуулары болгон. Ошол көчөгө чыккандар арасында матростор, аскерлер, жумушчулар да болушкан. Калк арасындагы андай маанайды большевиктер пайдаланып иш кылышкан. Натыйжада ач калган элдин колдоосун таап, большевиктер 25-26-октябрде Кышкы сарайды басып алышкан».

Ошол ыңкылаптын 90 жылдыгын коммунисттер белгилеп атат. Бирок ал ыңкылаптын элге алып келген азабы менен тозогу да жер жүзүндө элдерге таалим болууда. Орусиядагы ал ыңкылап эмне үчүн Парижде чыккан Марсельезе ыры жаралган ыңкылаптай жүздөгөн жыл өмүрү узун болбогонун салыштыруу кызык ой жыйынтыгын берет экен. КПРФ лидери Геннадий Зюганов чогулгандарды юбилейлик майрамы менен куттуктап сөз сүйлөдү.

Сясаий талдоочулар пикиринде, эгерде Орусияда энергетикалык отун баасы арзандаганда эл экономикалык тартыштыкка учурап, ошондо дагы бир жолу 1917-жылдагыдай кырдаал түзүлөт. Анда бийлик башкаларга легитимдүү жол менен алынабы деген суроо бар. Ага жооп издегендер Путиндик башкарылма демокоратия турганда андай болбойт дешет.

Тарых илимдеринин доктору Сергей Седовдун баамында эл аң-сезиминде оң жылыштар пайда болууда: «Путиндин президенттик тушунда баарын советтиктештирүүгө байланыштуу октябрь ыңкылабын оң кабылдоону карай өзгөрүүлөр жүрүп атат».

Анализчилер байкаган дагы бир өзгөчөлүк азыркы орусиялык бийликтин жүргүзгөн саясаты дүңүнөн лениндик, сталиндик режимге чукулдап ишкердик жүргүзүшү болууда.

Баса, бүгүн 7-ноябрде Кызыл аянтта аскерий парад да болду. Ал жерде 1941-жылкы аскер кийимин кийишкен миңден ашуун суворовдук, кадеттик жана Маскөөлүк аскерий-музыкалык окуу жайларынан тарбия алып аткан жаштары өтүштү. Парадды «Бирдиктүү Орусия» партиясынын түзүүчүлөрүнүн бири Ю. Лужков кабылдап, трибунада миңдеген ветерандар болушту. Ошондон улам анализчилер бийлик муну менен элдин эсине 1941-жылкы аскерлер эмес эле Октябрь ыңкылабынын 90-жылдык майрамын салды дешет.

Кыстара кетчү кеп, саал мурдараакта 29-октябрда саясий жаза тарткандарды эскерүү каадасы өтүп, ал жолу Лубьянка аянтындагы саясий жаза тарткандарды сүргүнгө айдачу Соловецки жеринен алынып келинген алачыктай таштын алдында сталиндик саясий жазадан курман болгондор арбагына арнап өткөрүлгөн каадада бир эле 1937-1938 жылдар ичинде кырылгандар эсеби 40 миңден ашуун болуп чыккан жана алардын ысымдарын атоо эле бир күнгө созулган.

XS
SM
MD
LG