Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

ГРУЗИЯ: ОППОЗИЦИЯ АКЦИЯСЫН ТАРАТУУ ҮЧҮН КҮЧ КОЛДОНУЛДУ


Грузия башкалаасы Тбилисиде бүгүн полиция өлкө парламентинин имараты алдынан оппозиция акциясынын катышуучуларын күч менен таратты. Аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ, суу бүркүгүчтөрдү колдонду. Нааразылык акциялары башталганына бүгүн алты күнгө аяк баскан эле.

Тбилисиде 2-ноябрда башталган нааразылык акцияларында оболу парламенттик шайлоо эртерээк, келерки жылдын күзүндө эмес, жазында өткөрүлүшү, шайлоо системасы өзгөртүлүшү талап кылынган. Кийинчерээк оппозиция жактоочуларынын негизги талабы – президент Михаил Саакашвилинин отставкасы болду.

Бүгүн алтынчы күнгө аяк баскан демонстрация катышуучуларынан Тбилисинин борбордук Руставели аянтын тазалоо операциясы бир нече саатка созулду. Калкан, желим таяктар менен жабдылган, башына каска кийген полициячылардын бутасына оболу эртең менен парламент имаратынын бет маңдайына жайгашып алган 100дөй адам алынды. Алардын он чактысы ачкачылык жарыялагандар эле. Ортодо кагылышуу орун алып, оппозициянын бир нече активисти кармалган.

Тблисинин мэри Гиги Угулава эртең менен атайы маалымат жыйын чакырып, бийлик шаардын башкы аянтын демонстранттардан тазалоо чечимин өз убагында кабыл алганын белгилеп, анын жүйөөсүн мындайча түшүндүрдү:

-Мен демонстранттар теледен бүгүнтөн тартып Тбилиси чатырлардын шаарына айланарын сыймыктануу менен жарыялап жатканын уктум. Биз буга жол берген жокпуз. Ооба, биз буга мыйзамдын талабын орундатуу, бул биздин жарандарыбыздын ар биринин кызыкчылыгындагы иш экендигинен улам жол берген жокпуз. Алардын мыйзамдуу каалоосу: шаары, өлкөсү, эч убакта кайрадан чатырлардын, дөңгөлөктөрдүн, төшөк каптардын шаарына айланбашы керек.

Бирок борбордук Руставели аянты жана анын айланасы тазалангандан көп өтпөй эле демонстранттар жана оппозиция лидерлери кайтып келип, аянтты кайра камоого алышты. Аларды көздөй жүздөгөн полиция күчтөрү бет алып, тароосу талап кылынды, болбосо чара көрүлөрү үч күчөткүчтөр аркылуу эскертилди. Талап орундалбаган соң аларга каршы суу бүркүгүчтөр, көздөн жаш агызуучу газ колдонулду. Анын үстүнө бүгүн Тбилисиде жамгыр жаап турган эле. Грузин телесинен полиция күчтөрү демонстранттарды сабап жаткан учурлар түз ободо көргөзүлдү. Алардын ондогондору, оппозициянын бир нече лидерлери парламент имаратына кире качкан. Жаракат алгандардын саны белгисиз. Айрым маалыматтарда митингди таратуу учурунда 200дөн ашуун адам жабыр тартканы айтылат.

Оппозиция лидерлери бүгүнкү окуяны айыпташты. Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Саломе Зурабашвили мындай дейт:

-Демократия азыр биз тарапта, бүгүн эртең менен өкмөт армияны, полиция формасына жамынган 1000 адамды бүгүн ачкачылык жарыялагандарга, алардын арасында аялдарга каршы багыттап, өз жүзүн көргөздү. Ушул демократиябы, менимче, биз демократия эмне экенин жакшы билебиз. Грузиянын досторун Саакашвили мырзага эмес, Грузияга дос болууга чакырабыз. Ал бүгүн большевик диктатор экенин көргөздү.

Парламент имаратына кире качкан демонстранттар менен төрайым Нино Бурджанадзе жолугуп, чыңалган кырдаал сүйлөшүү аркылуу жөнгө салынарына ишеним билдирген. Оппозиция лидерлери менен парламенттеги көпчүлүктүн ортосунда сүйлөшүүлөр өтөөрү күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG