Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

САРКОЗИ АКШнын “ЖҮРӨГҮН БАГЫНТКАНЫ” ВАШИНГТОНДО ЖҮРӨТ


Франциянын президенти Николя Саркози бүгүн Вашингтондо конгрессте сөз сүйлөйт. Ырасмий визит менен ал АКШга кечээ келди. Президент Жорж Буш менен ал эки тараптуу мамилелерди, Ирандын ядролук программасын жана башка маселелерди талкуулайт. Мындан тышкары бир нече кишиге Франциянын жогорку сыйлыгын – Ардактуу легион орденин тапшырат.

Саркози Вашингтонго кечээ келип түштү. Ак үйдө жогорку даражалуу коноктун урматы үчүн уюштурулган кечки сый тамакта ал: “Вашингтонго мен өтө жөнөкөй максат менен келдим: мен кайрадан Американын жүрөгүн багынткым келет. Мен бир гана нерсе айтканы келдим: Франция менен АКШ – такылет дос жана союздаш”, - деп айтты.

Буга жооп кылып,Буш Франция менен АКШ биргелешип аракеттенгенде көп нерсеге жетише аларын айтып, эки тараптын кызматташтыгын тереңдетүү зарылдыгына Саркози экөө айныбай ишенерин билдирди.

Бир катар байкоочулар,алардын ичинде француз эксперттери да Саркози Блэрдин ордун басканга дама кылып жатканын белгилешүүдө. Вашингтон соңку кездерде эл аралык бир катар проблемаларда, өзгөчө Ирандын ядролук программасына байланыштуу маселеде Парижди негизги союздашы катары кармана баштады. Мунун тууралыгын Саркози өзү да ырастады. “Иран,айрыкча азыркы жетекчилердин тушунда ядролук куралга ээ болушу мүмкүн деген ойду Франция таптакыр кабыл алалбайт”, - деп айтты Саркози кечээки сый тамакта.

Жак Ширактын тушунда Ирактагы согуштун айынан эки тараптын мамилеси биртке кыйгылданып кеткен эле. Саркози бийликке келгени абал жакшырды. Ошол эле учурда ортодо пикир келишпеген маселелер да калды. Бүгүн конгресстеги сөзүндө Саркози, атап айтканда, АКШны дүйнөлүк климаттын жылышына каршы күрөштү жетектөөгө чакырганы жатат. Мындан тышкары америкалык бизнесмендерге кайрылып, Саркози доллардын арзандап баратканына да камтамачылык билдирди. “Күчтүү экономиканын күчтүү валютасы болууга тийиш, өтө алсыз доллар абзел эмес”, - деп айтты Саркози.

Вашингтондогу саясий изилдөөлөр борборунун – Демократия институтунун директору Патрик Башам дагы бир жагдайды белгиледи. Сөз - Ирак жөнүндө, Саркози менен Буш эч качан Иракты көзмө-көз олтуруп талкуулаша элек, муну француз президенти каалаган эмес, ошондуктан ал бу проблемада Буштун администрациясын коомчулук алдында осол абалга койгусу же сынга алгысы келбейт. Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдө Ирак проблемасы президенттер кыйгап өткөн темалардын бири болушу мүмкүн.
Саркози Вашингтонго ырасмий визит менен биринчи ирет келди. Анын үстүнө жубайы жок бой келди. Саркози өткөн айда аялы менен ажырашып кеткен эле.

XS
SM
MD
LG